17:27, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020
16:10, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 202064 Баткен районунда 3 миңден ашык ит каттоого алынды
Учурда окулуп жатат
13:46, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (115 адам окуп жатат)
«Фашисттик белгиби?» Нарын районундагы карагайлуу токойду кимдер түптөгөн?
12:41, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (89 адам окуп жатат)
Кафеде эс алып жаткан аялдын бетин тепкилеген кримчөйрөнүн өкүлү кармалды. Сүрөт
16:47, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (65 адам окуп жатат)
Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн Анара менен Нуртилек дайынсыз жоголду
13:34, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (35 адам окуп жатат)
Ысык-көлдүк Максат Дорбаев Оштогу Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Футболдук борбор курула турган жер табылды

13:40, Үчтүн айынын он төртү, 2020 (Жаңыланды: 15:27, Үчтүн айынын он төртү, 2020) 6628

Баракелде -  Футболдук борбор курууга Чүй облусундагы Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн аймагынан 21,4 гектар жер тилке бөлүп берүү иштери башталды. Бөлүнгөн жер тилке Бишкек шаарынын түштүк-батыш аймагындагы Арча-Бешик жаңы конушунан кийинки А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан. «Баракелде» басылмасынын кабарчысы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Уран Чоодуевден буга байланыштуу маалымат алды.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын башкы катчысы М.Сыдыков Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысы У.Чоодуевге футболдук борбор курууга 15 гектардан кем эмес жер тилке бөлүп берүү маселеси менен кайрылган. Бул кайрылууну жергиликтүү кеңештин депутаттары менен айыл тургундары кеңейтилген жыйында карашкан. Орок айыл өкмөтү каршы болбой, чоң спорттук борбордун курулушуна макулдугун берген.

Айыл өкмөт башчынын айтымында, бөлүнүп бериле турган жер тилке Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна таандык.

«Бул жер айыл өкмөттүн аймагында жайгашканы менен бизге карабайт. Бирок өкмөт колдонууга берген. Тактап айтканда, биздин аймакта жайгашканы менен бул жер өкмөттүн менчиги. Бизге кайрылышканда жергиликтүү кеңештин депутаттары долбоор менен таанышып, макулдугун беришкен», - деди ал.

Селекция айылында Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна таандык жерлер жайгашкан. 2002-жылдын 10-январында өкмөттүн токтому менен 55,53 гектар айдоо жери Орок айылына мөөнөтсүз пайдаланууга берилген.

---------------------------------------------------

Буга чейин Футбол федерациясы Бишкек шаарынын мэриясынан 10 гектарга чейинки жер тилке берүүнү сурап, 2019-жылдын 31-декабрына чейин берилбесе ФИФА грант үчүн бөлө турган каражат башка өлкөгө бериле турганын билдирген.

Декабрь айынын аягында шаардык кеңештин сессиясында футболдук стадион куруу үчүн Бишкектин аймагынан жер тилке бөлүп берүү маселеси каралган. Бирок жылдын аягындагы акыркы сессияда бул маселе чечилбей, шаардык кеңештин отуруму 14-январга жылдырылган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком