14:47, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020
14:26, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202019 Ак-Сууда жолбун иттерди атуу иштери уланууда
Учурда окулуп жатат
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (73 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар
10:40, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (56 адам окуп жатат)
«Уурулар сабап, баспай калдым»: Ооруга моюн сунбаган жетекчинин баяны. Видео
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (40 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

М.Абылгазиев кыргыз-казак чек арасындагы товарларды каттоо жайынын курулушу менен таанышты

На русском
21:31, Бештин айынын он үчү, 2019 107

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде товарларды каттоо жайынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, пункт «Жалпылоочу жай» аппараттык-программалык комплекси менен жабдылган. Ал Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды каттоого алууну, транспорттук көзөмөл жүргүзүүнү, товарлардын мыйзамсыз кыймылына көзөмөлдү, ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылууну шарттайт.

Унаа каражаттарынын салмак көлөмдүк көрсөткүчтөрү боюнча маалымат электрондук салмак көлөмдүк көзөмөл динамикалуу системасы аркылуу автоматтык режимде жалпылоочу жайга берилип турат. Ал эми анын кызматкерлеринин бардык кыймыл-аракети системада жазылып калат. Бул система октук оордуктардын салмагын жана жүк транспорттук каражаттардын габариттерин адамдык фактордун катышуусуз, онлайн-режимде видеобайкоо жолу менен мамлекеттик номердик белгилерин таануу аркылуу өлчөөгө шарт түзөт.

Абылгазиевдин айтымында, өкмөт товарлардын кыймылынын ачыктыгын камсыздоого жана контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар комплексин ишке ашырууда. Мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын натыйжалуу жана ачык коргоо үчүн мамлекет бардык товардык агымдарга көзөмөл жүргүзүүнүн таасирдүү механизмин иштеп жатат.

Ошондой эле өкмөт башчы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн бардык ыңгайлуулуктарды, көзөмөл процедураларын ыкчам өтүү шарттарын түзүү зарылдыгына көңүл буруу менен бардык курулуш жана монтаждоо иштерин сапаттуу камсыздоону тапшырды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком