14:21, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020
13:13, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202041 Бишкекте 2 унаа кагышып, жүргүнчү жабыркады
13:03, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020115 Сүрөт — Алайда памирлик боордоштор сабатын жоюуда
12:15, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202083 Кытайда жаңы вирус жуктурган дарыгер каза болду
Учурда окулуп жатат
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (70 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар
10:40, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (41 адам окуп жатат)
«Уурулар сабап, баспай калдым»: Ооруга моюн сунбаган жетекчинин баяны. Видео
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (34 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

Бишкекте төрөлгөн 3 эмге Аруузат, Аруужан, Арууке деген ысымдарды коюшту (сүрөт)

На русском
21:18, Бештин айынын он үчү, 2019 432

Баракелде -  Бишкек шаардык перинаталдык борбордо (№4 төрөт үйү) 2-декабрда 35 жаштагы Шаттыгүл Кайпердиева 3 эмди жарыкка алып келген. Үч эм кыздар 3,020 кг, 2,950 кг жана 2,320 кг салмак менен төрөлгөн.

Шаттыгүл Кайпердиеванын айтымында, кыздарына Аруузат, Аруужан, Арууке деген ысымдарды ыйгарышты.

«Кош бойлуулуктун 36-жумасында операция аркылуу төрөдүм. №9 бейтапканага каттоого туруп, дарыгер Тамара Муктарбекованын көзөмөлүндө болдум. Кош бойлуулук учурунда 20 кг салмак коштум. Албетте, айрым учурларда оор болду, бирок дарыгердин айткандарын аткаргандыктан абалым көп түйшөлткөн жок», - деди Ш.Кайпердиева АКИpress агенттигине берген маегинде.

Шаттыгүл айым өзүнүн жана кыздарынын абалы жакшы болгондуктан 1 жумадан кийин төрөтканадан чыккан. Анын айтымында, кош бойлуулуктун 6-жумасында УЗИден курсагындагы балдар эгиз экенин, ал эми экинчи текшерүүдө 3 эм экенин көрсөткөн.

«Абдан кубандык, аны сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Эми биздин 6 балабыз — 5 кыз жана 1 уулубуз бар. Улуу кызым Айдана 2-класста окуса, уулум Алихан 6 жашта, 4 жаштагы кызым Раяна экөө бала бакчага барышат», - деди ал.

Өкмөт 1-декабрдан тарта үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлгөн шартта ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку балага сүйүнчү жөлөк пулун төлөп баштады. Шаттыгүл айымдын үй-бүлөсү бул жөлөк пулду биринчи болуп алат.

«Биз азырынча жөлөк пулду ала элекпиз, айрым документтерди тапшыруу керек. Бул тууралуу билген эмеспиз, бизге ооруканадан айтышты», - деди ал.

Бишкек шаардык перинаталдык борбордо 2019-жылдын башынан бери 7 жолу 3 эм төрөлдү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком