13:52, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020
13:13, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202023 Бишкекте 2 унаа кагышып, жүргүнчү жабыркады
13:03, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202077 Сүрөт — Алайда памирлик боордоштор сабатын жоюуда
12:15, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202071 Кытайда жаңы вирус жуктурган дарыгер каза болду
Учурда окулуп жатат
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (98 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар
10:40, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (73 адам окуп жатат)
«Уурулар сабап, баспай калдым»: Ооруга моюн сунбаган жетекчинин баяны. Видео
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (41 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

3 баланын атасы түндө кошунасынын кызын зордуктоого аракеттенген

10:37, Бештин айынын он бири, 2019 107
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Кочкор райондук сотунда Жазык кодексинин 39-беренесинин (Кылмышка аракеттенүү) жана 161-беренесинин (Зордуктоо) 1-бөлүгүнүн негизинде айыпталган Айтбектин (аты-жөнү өзгөртүлдү, А.А.К.) кылмыш иши каралды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Айтбек Кочкор районунун 1979-жылы туулган тургуну. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Мурда соттолгон.

Ал ушул жылдын 1-августка караган түнү саат 01:00 чамасында кошунасынын үйүнө кирип, уктап жаткан 19 жаштагы Наилянын (аты өзгөртүлдү) алсыз абалынан пайдаланып, күч колдонуп зордуктоого аракет кылган.

Сот отурумунда Айтбек күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кечирим сураган. Ал жабырлануучу менен элдешкенин айтып, жазык ишин өндүрүштөн кыскартып берүүнү өтүнгөн.

2000-жылы туулган Наиля дагы Айтбекке эч кандай доосу жок экенин, келтирилген зыянды төлөп бергенин, өз ара элдешишкенин тастыктады. Анын мыйзамдуу өкүлү Б.Т. дагы айыпталуучуга доосу жок экенин кошумчалады.

Сот отурумунда күбө катары суралган Наилянын апасы К.Ж. окуя болгон күнү саат 00:00дө жатып алганын, бир аз убакыт өткөндөн кийин баласы келип, «апа, эжемдин үстүнө бирөө жатып алды» деп тургузганын билдирди. К.Ж. Наилянын бөлмөсүнө кирип барганда анын үстүндө бирөө жатканын көрүп, аны кийиминен тартып тургузганын айтты. Ошол учурда Айтбек бетин катып, эшикке качып чыгып кеткен.

Наилянын иниси окуя болгон күнү эжеси менен бир бөлмөдө жатканын, анан Айтбек бөлмөгө кирип келип, жарыкты өчүрүп, эжесинин үстүнө жатып алганын айтты. Ал андан кийин апасын ойготуп келгенин кошумчалады.

Жыйынтыгында сот эки тарап элдешип алганын жана жабырлануучу тосмо арыз менен кайрылганын эске алып жазык ишин өндүрүштөн кыскартып, Айтбекти кылмыш жоопкерчилигинен бошотту.

Өкүмгө нааразы тарап 10 күндүн ичинде облустук сотко аппеляциялык тартипте даттана алат. Соттун чечими 27-ноябрда чыккан.

Буга чейин Turmush басылмасы Нарын облусунун Кочкор районунда 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган шектүү боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын жазган.

Маалым болгондой, Кочкор районунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, кызын зордуктоого аракет кылган кишиге чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, 1-августта түнкү саат 01:23 чамасында үйүнө келген Кочкор районунун Семиз-Бел айылынын 1979-жылы туулган тургуну 2000-жылы туулган кызынын үстүнө чыгып, зордуктоого аракет кылган. Ошол учурда ал бөлмөгө кирип барып, эркек кишини сыртка сүйрөп чыгып, аны менен кармашкан. Бирок кызын зордуктоого аракет кылган тургун качып кеткен. Аялдын колунда эркек кишинин айрылып калган сары түстөгү футболкасы калып калган.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком