01:45, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020140 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Балдарына Манас, Чубак, Алмамбет деген ысымдарды койгон Памирдеги кыргыздар. 2-бөлүк

На русском
08:41, Бештин айынын ону, 2019 (Жаңыланды: 13:53, Бештин айынын он беши, 2019) 3417

Баракелде -  Ооганстандын Памир жергесинде жашап жаткан кыргыздар туулган жерин, эне тилин, динин унутпай турганын айтышат.

«ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын журналисти Гүлүмкан Урустамова менен оператор Руслан Эгембердиев Памир жергесине барышкан. Г.Урустамованын айтымында, 3 жылдан бери Памирге барып, этникалык кыргыздардын жашоосу, көйгөйлөрү менен таанышып келишет.

Памирдеги кыргыздардын айтымында, ата-бабалары Памир жергесине 1916-жылдары барышкан. Учурда Памирде 50-100 үйдө турушат.

Кичи Памирдин тургуну Мамасейит Ташбай уулу кыргыз элинин баатырдык эпосу болгон «Манас» эпосундагы ысымдарды балдарына, неберелерине ыйгарган.

«Бул балдарымдын аты — Манас, Алмамбет, Чубак. "Манастагы" аттарды койдум. Алар тарыхта бизге ата болуп калган», - деди ал.

Видео 2019-жылдын октябрь айында тартылган

Алар мал менен күн көрүшөт. Ооганстандын акчасын (афгани) колдонуп, ал жактан чай, күрүч, ун сыяктуу азык-түлүктөрдү сатып алышат. Аялдар эртеден кечке мал саап, боо согуп, май, курут жасоо менен алек.

Күмүшай Абдилкарим кызынын айтымында, кыздары бой жеткенде, тактап айтканда 15 жашында күйөөгө узатышат. Кызды келип алганда калың төлөп, уулдарын үйлөнтүшөт.

«Оокат кылуу кыйын. Мал болбосо жошообуз жүрбөй калат. Кыздарыбызды өзүбүз беребиз. Алар өздөрү каалап тийбейт (күйөөгө). Кыздарыбыз 15 жашка же 15 жаштан өткөндө күйөөгө беребиз.

Кичүү кызымды быйыл 15 жашында күйөөгө узаттым. Баламды үйлөнттүм, калың бердик», - деди Күмүшай Абдилкарим кызы.

Ошондой эле жашоочулардын айтымында, эркектерге салыштырмалуу аялдар аз. Ошол себептен айрымдар үйлөнбөй, баласыз жашап келгенин дагы билдиришти. Алар башка улуттан кыз алып, башка улутка кыз беришпейт. Мунун себебин кыргыз болуп туулуп, кыргыз болуп өлөбүз деп түшүндүрүштү.

Чоң Памирдин тургуну Козубай Турдубай уулунун айтымында, ал үйлөнгөн эмес. Учурда 55 жашта.

«Мен 55 жаштамын. Азыр аялым жок, балам жок. Памирде аял алуу кыйын. Биз Кыргызстанга барсак аял алып, балдарыбыз окуйт беле деген ойлорубуз бар. Элдин көбү пулдун (акча) жоктугунан бара албайт», - деп Кыргызстанга келүүгө үмүтү бар экенин айткан.

Памирлик кыргыздар туулган жерин, мекенин унутпай, тилди сактап, комуз чертип келишет. Ошондой эле намаз окуп, орозо кармагандары дагы көп.

Архивдеги сүрөттөр

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком