02:54, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020168 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Сүрөт — Кыргызстандык 7 миллионер ийгилик сыры менен бөлүштү

12:11, Бештин айынын сегизи, 2019 (Жаңыланды: 10:40, Бештин айынын ону, 2019) 173

Баракелде -  Кыргызстандын аймактарында миллиондогон киреше тапкан эмгекчил адамдар арбын. Алардын арасында дыйканчылык, мал чарба жана багбанчылык менен алектенип, аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө дагы салым кошкондор бар. Бул жолу Turmush басылмасы өз мээнети менен миллионер болгон иштерман адамдар менен тааныштырат.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Башат айылындагы жубайлар — 50 жаштагы Куттубек Алиев менен 49 жаштагы Анипа Алиева элетте эмгектенип, жылына 1,5 млн сом киреше табышат.

Жолдошу: Алгач борбордо жашап, кийин айылга көчүп келгенбиз. Атам эсепчи болчу, борбордо иштеген. Кийин айылга көчүп келгенде дагы эсепчи болуп иштеп жүрдү. Бир тууган агам экөөбүз союздун малын багып жүрдүк. Кийин агам бөлүнүп, мен мал чарбачылыкты улап кеттим. 1988-жылы жубайым менен баш кошуп, ошондон бери мал багабыз. Малга эч кимибиз жакын эмес элек. Барына чыдадык, көндүк. Ошентип ийгиликтерге жетип отурабыз. Бул жакта мал менен алектенбесек болбойт. Дыйканчылык үчүн суу көйгөй жаратат. Үлүшкө тийген 3 гектар жерден тоют камдачубуз. Ал жетпей калып, көбүн сатып алчубуз. Былтыр айыл өкмөттөн 8 гектар жерди ижарага алып, азыр ошол жардам болуп жатат. Ал жерге чөп өстүрүп, тоютту сатып албай калдык. Тоютту жыйноого техника керек экен. Аны насыяга сатып алдык. Үзүрлүү эмгек кылып, «Мыкты фермер» деген грамоталар менен сыйлангам.

Жалпы миңге жакын кой, 27 жылкы бар. Мал үчүн короо, кашар куруп, аларды кеңейттик. Жайында жайлоого, кышында кыштоого алып барабыз. Такай 3 жумушчу жалдайбыз. Сугат учурунда өзүнчө жумушчу алабыз. Койчуга жылда 200 миң сом кызмат акы төлөйбүз. Жылдык киреше 1,5 млн сомдун тегереги болуп калат. Жакшы кочкорлорду жылына алмаштырып турабыз. Балам кочкорлорду 50 миң сомдун тегерегинде сатып алып келет. Койлорду жакшы карап, семиртип сатабыз. Анткени баасы жакшы болот. Жылкыны дагы семиртип сатабыз.

Жубайы: Башында өзүбүз карап жүрүп, мал көбөйгөндө жумушчуларды алдык. Балдарыбыз кичинекейинде көчүп-конуп жүрдүк. Балдар биз менен жүрүп, мээнеткеч болушту. Малды карап, жакшы баксак пайдалуу. Малдын аркасы менен балдарды бактык, окуттук.

Жубайлар 4 уулдун ата-энеси.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Рустам Рузиев гиссар породасындагы койлорду багып, жылына 1 миллион сомдон ашык киреше табат. Өзүнүн айтымында, гиссар породасындагы койлорду багып жатканына 5 жылдай болгон.

«Учурда таза гиссар породасындагы койлордун саны 70ке жетти. Бул койлордун өзгөчөлүгү эттүү жана көлөмдүү болгондугунда. Жөнөкөй койлорго салыштырмалуу баасы кымбат жана кирешелүү болот. Ургаачылары 80 кг салмакка чейин жетсе, кочкорлору 120 кг салмактан ашат», - дейт Р.Рузиев.

Анын айтымында, асыл тукум койлорду багуу кирешелүү иш болуп саналат.

«Козулары 15 миң сомдон жогору болот, ургаачы чоң койлор 30-40 миң сомдон, ал эми кочкорлору 70 миңден 150 миң сомго чейин жетет. Быйыл 2 кочкорду 250 миң сомго саттым. Акыркы 2 жылдан бери 1 миллион сомго жакын киреше түшүп жатат. Ал эми 30 токтуну 35 миң сомдон саттым. 1 миллион 150 миң сом болду. Жем-чөбүнөн сырткары 1 миллион сомго жакын киреше түштү. Келечекте дагы асыл тукум малдарды көбөйтүүнү пландап жатам. Мындан тышкары эт жана сүт багытындагы асыл тукум уйларды багууну ойлоп жатам», - деди ал.

Бакай-Ата районунун Биринчи май айылынын 49 жаштагы тургуну Муктарбек Малабаев жубайы Айнура Бөтөшова экөө 50 кой менен чарба түптөп, азыр жылына 2 млн сомго чейин киреше табууда.

Өзүнүн айтымында, чарбасын атасынан калган 50 кой менен түптөгөн.

«1987-жылы мектепти аяктагам. 1988-жылы аскерде кызмат өтөп келдим. Үйдө кенже бала болгондуктан ата-энемдин колунда калдым. Башка бир туугандарым окуп, ар кими өз чарбасы менен кетти. 1991-жылы үйлөнүп, мал чарба менен алектенип калдым. Үйдө атамдын 50 кою бар эле. 1992-жылы мал чарба кооперативине жумушка кирип, жубайым экөөбүз 2 жыл колхоздун козуларын бакканбыз. 1996-жылы кооператив тараган соң ошол сарайды менчик кылып сатып алып калдык. Сарай айылдан 4 км жогору жайгашкан. Үй-бүлөбүзгө тиешелүү 50 койдун козуларын жакшы карап, жыл сайын көбөйтүп жаттык.

Бул ишкерликтин жакшы жагы — ар убакта акча болот. Мал базарга алып чыксаң эле малыңа татыктуу акчасы турат. Учурда 10 чакты жылкы, 5-6 уй, 600дөн ашык кой бар. Жылына 2 млн сомго чейин киреше болот. Малды үй-бүлөм менен Күмүштак деген аймактын Бүркүт-Уя деген жеринде багып кыштайбыз. Жаздагы төл учурунда айыл жактагы кашарда болобуз. Малга жылына 15 унаа чөп, 3 тонна жем алабыз», - дейт ал.

Фермер жубайы экөө 1 кыз, 4 уул, 4 неберенин ата-энеси.

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылынын тургуну Чыңгыз Жаркынов 22 жылдан бери багбанчылык менен алектенет. Ал 2 гектар жеринен жыйнаган шабдалы жана кокон гиластын түшүмүн чет өлкөлөргө экспорттоп, жылына 1 млн сомдон ашык таза киреше табат.

Ч.Жаркыновдун айтымында, 1995-жылдары атасы Имарбек Абжапаров үлүш жерине гилас, шабдалы, алма, өрүктүн көчөттөрүн тиккен. Бирок 2 гектар жер тилкесиндеги алма, өрүктүн көчөттөрүн жок кылып, анын ордуна шабдалынын көчөттөрүн көбөйтүшкөн. Июнь айынан октябрь айына чейин мөмө берүүчү 500 түп шабдалынын 6-7 түрү өстүрүлөт. Багбан шабдалынын көчөттөрүн дагы сатып киреше табат.

«Азыр 15 жылдык бактарыбыз бар. Бир түптөн 200 кг түшүм алса болот. Жалпылап айтканда 1 сотых жерден 1 тонна түшүм алабыз. Негизи шабдалынын көчөттөрүн карабай койсоң мөмө бербей калат. Аларды бутап, ашыкча шактарын кыркып туруш керек. 7 жылда бир жолу бардык шактарын кыркып, бутактарын жаңылап турабыз. Шабдалыны бутаган сайын бак жашарып, мөмө берүүсү жогорулайт. Учурда жылына 15 миң көчөт сатып 600 миң сом, шабдалынын мөмөлөрүн сатып 500-700 миң сом киреше таба алабыз. Ага жараша чыгашасы да болот. Жылда Өзбекстандан келген жумушчуларга 30 миң сом беребиз. Шабдалы бышканда мөмөлөрүн терүү үчүн жумушчуларга күнүнө 500 сомдон төлөйбүз», - деди Ч.Жаркынов.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылындагы жубайлар Бекболот Сүйөркулов менен Гүлзина Төрөкулова 15 жылдан бери багбанчылык кылып, ири кирешелерди таап жатышат.

Жолдошу: Бизге токой чарбанын жетекчисинен «токой чарбага бак тикпейсиңерби» деген сунуш түштү. Үй-бүлөм менен акылдашып, бул жакка 2004-жылы келдик. Анан мамлекеттен 7 гектар жерди 49 жылга ижарага алдым. Мен болсо токой чарбада кароолчу болуп иштечүмүн. Бул жакка көчүп келерде айылдагы үйдү, жерлерди сатып келгенбиз. Айыл эли таң калып, «туура эмес кылдыңар» деп, айылдан да бөлүнүп калганбыз. Эл эмгектен тааныйт деген чын экен. Азыр айыл элине сыйлуубуз.

Биз көчүп келгенде колхоз учурундагы эски алманын дүмүрлөрү бар болчу. Таштак, кароого муктаж жер эле. Ал учурда азыркыдай техника жок. Гүлзина экөөбүз 7 гектар жерди тазалап, алма бак отургузганбыз. 6 гектарда 1850 түп алма жана 1 гектарда 226 түп өрүк бар. Гүлзина баарын өзү карайт. Мага дагы алма караганды үйрөтүп койгон. Кээде мен сырткы жумуштардан бошогондо бала-чака менен ичин тазалап турабыз. Жубайым алмаларды өзүнүн балдарындай жакшы көрөт. Кайсы алма кайсы жерде экенин билет.

Жубайы: Түшкөн кирешени кайра эле бакка жумшайбыз. 6 гектар алмадан эгер жакшы мөмө түйсө 60-70 тоннадай түшүм берет. Азыр алмалар жаш, эгер дагы жетилсе 100 тоннадан ашык түшүм берет деп жатабыз. Сезон учурунда алмадан 1 млн сомго жакын киреше болот. Анын 30%ын мамлекетке төгүп турабыз. 1 гектар жерде 226 түп өрүгүбүз бар. Алардан 2 тоннадай түшүм алынса, 50-60 миң сомдой киреше болот.

Айылдагы үйүбүздү сатып, бул жакка келгенде эч нерсебиз жок болчу. Баарын жаңыдан баштап, бутубузга турдук. Үй курдук. Айылдагылар биздин кылган иштерге күлүшкөн. Эми айылга барсаң, баары салам берип калышат.

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылындагы фермер Фахридин Болотбеков 1 миңге жакын гиссар кой багып, жылына 1 млн сомдон ашык киреше табууда. Өзүнүн айтымында, мал чарбачылык менен 2012-жылдан бери алектенет.

«Тажикстандан 30-40 гиссар кой алып келгем. Ошол убакта ар бирин 40-50 миң сомдон алгам. Ошолорду көбөйтүп отуруп, азыр миңге чукулдап калды. Гиссар койлор көп эт берет. Анан баасы дагы кымбат.

Малдын саны көп, анан сапаты жакшы болсо чыгымды актайт. Аз малды карасаң кирешеси өзүнөн артпай калат. Мисалы, мен жылына 400 баш төл алам. Козулары 7000 сомдон да сатылат. Орто эсеп 5000 сомдон дейли. Анын 100 төлү эле чыгашаны актайт. Калганы 1 жылдык киреше болот. Ошондо миллион сомдон ашуун таза киреше түшөт», - деди ал.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылынын тургуну — 62 жаштагы Нуркул Айнабеков менен 59 жаштагы жубайы Бурул Соорбекова 6 жылдан бери багбанчылык менен алектенип, жылына 1 млн сомго чейин киреше таап жатышат.

Жолдошу: Биз үй-бүлөбүз менен Шекер айылынан 1 км алыстагы алма багыбызга жакын жерде жашайбыз. Өзүм буга чейин жылкы бактым. Кийин сугатчы болуп колхоздо иштедим. Устачылыкка абдан жакынмын. Темир ширетүүчү болуп айыл элине кызмат кылдым. Жашың өткөн сайын ал-күч кете берет экен. Мурункудай оор жумуштарды көп кыла албай калдык. Жубайым экөөбүз кеңешип, жерибизди алма бак кылууну туура көргөнбүз. Кирип-чыгып түшүмүн сатабыз деп кеңешип, 1 гектар жерибизди алма бакка айландырганбыз. 1 гектар жерде 423 алма көчөтү бар. 6 жылдан бери түшүмүн сатып жатабыз. Андан сырткары өрүк, кара өрүктүн көчөттөрү бар. Алар дагы акырындан түшүм берип жатышат. Алманын 4-5 түрү бар. Эң өтүмдүү сорттору — сары, кызыл жанат алмалар, семеренко, конфетка. Булар жакшы сакталат. Убагы менен карап, дарыларын берип, курттарын терип карайбыз. Күзүндө түшүмүн терип өткөрөбүз. Жылда жакшы түшүм алабыз. Айылдан атайын сатып алып кетишет. Андан артканын Бишкекке, Жамбылга алып барып, килограммын 30-35 сомдон сатып келебиз. Мындан жакшы киреше табабыз.

Жубайы: Жолдошум экөөбүздүн 3 кыз, 2 уулубуз бар, кыздарыбыз турмушта. Бир балабыз үйлөнгөн. Биз кичүү уулубуздун колундабыз. Аны дагы үйлөнтүп, бизди неберелүү кылат деп отурган чагыбыз.

Нуркул экөөбүз 1980-жылдары баш кошконбуз. Ошол жылдардан баштап эле мал, дыйканчылык менен эмгектенип жүрдүк. Биздин жашаган жерибиз айылдан бир аз алысыраак, алма бакка ыңгайлуу. 6 жылдан бери багбанчылык менен алектенип, түшүмүн сатып, киреше таап жатабыз. Айылда жашап деле миллионер болууга кантип болбосун? Бир ишти баштаган соң тырышып алып кетүү керек. Биз деле көчөттөрдү тигип коюп, түшүмүн алып жаткан жокпуз. Көчөттөрдү базардан жакшысын 180 сомдон, орточосун 150 сомдон сатып келип отургуздук. Башында кээ бир көчөттөр куурап калып жатты. Убагы менен сугарып, атайын курт түшпөш үчүн дарыларды берип, үстүнөн түшпөй карап келдик. Азыр жетилип, түшүмүн берип калышты. Бул жерде жайкы жана кышкы алмалар көп. Көпчүлүк бөлүгүн кышкы алмалар ээлейт. Алар жазга чейин сакталып тура берет. Сатып алуучулар үйгө келип, өздөрү терип алып кетишет. Өзүм үй кожойкесимин. Жолдошум экөөбүз тең пенсиядабыз. Бош убактыбызда алма бакты аралап эс алып келебиз.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком