02:47, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020168 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Токмоктогу студент кыз тергөөчүнүн кабинетинде эмне болгонун прокуратурага айтып берди

17:37, Бештин айынын алтысы, 2019 137

Баракелде -  Токмок шаарындагы 17 жаштагы кызга Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө иштеген тергөөчү сексуалдык ыдык көрсөткөн. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Алардын айтымында, окуя эки жума мурун болгон. Аталган кыз шаардагы окуу жайлардын бириндеги юридикалык факультетте билим алып, өндүрүштүк практикасын Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө өткөрүп жаткан. Өндүрүштүк практика учурунда РИИБдин тергөөчүсү кызды иш бөлмөсүнө киргизип, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган.

Студент кыз арыз менен прокуратурага кайрылып, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал эми 1993-жылы туулган тергөөчү кызматтан четтетилген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком