17:34, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
16:26, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 20201220 Кыргыз редакцияга кабарчыларды чакырабыз

Сүрөт: Министр Ч.Айдарбеков Братиславадагы жыйында сүйлөдү

На русском
12:48, Бештин айынын алтысы, 2019 121

Баракелде -  Словакиянын Братислава шаарында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмга (ЕККУ) мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин (ТИМК) 26-жыйынына катышууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Айдарбеков кечээ, 5-декабрда жыйында сөз сүйлөп жатып Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин башчысы ЕККУнун принциптери менен милдеттенмелерин өлкө жактай тургандыгын тастыктап, долбоордук-программалык кызматташууну күчтөндүрүүгө даярдыгын билдирди. Ошондой эле министр ЕККУга мүчө 57 өлкөнүн делегацияларын 2020-жылы Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоолор өтөөрү тууралуу маалымдады. Ушуга байланыштуу өлкө жетекчилигинин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун байкоочуларын тартуу менен демократиялуу, адилеттүү жана ачык шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылуу чечкиндүүлүгүнө ишендирди.

Өлкө алдында турган биринчи кезектеги милдеттерге ылайык Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун кызматташтыгынын приоритеттүү багыттарын айтып өттү. Атап айтканда, коррупцияга каршы күрөшүү, санариптик трансформациялоо, курчап турган чөйрө көйгөйлөрүн жана климаттын өзгөрүүсүнүн терс натыйжаларын чечүү, жашыл экономиканы илгерилетүү жана жалпысынан туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү. Эл аралык коопсуздук маселелери да козголуп, ЕККУга мүчө өлкөлөрдү терроризм, диний экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз соодасы, курал-жарак, миграция чөйрөсүндө трансулуттук кылмыштар менен биргеликте күрөшүүгө чакырды.

«Мындан сырткары Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун мейкиндигиндеги активдүү жана көпкө созулган конфликттерди жөнгө салуу боюнча словак төрагалыгынын комплекстүү ишин белгиледи. Албаниянын тышкы иштер министри Гент Чакайды келерки жылы ЕККУга төрагалык кылуу миссиясын кабыл алышы менен куттуктады», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком