17:25, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Barakelde.org: Памирлик кыргыздарга курула турган үйлөрдүн долбоору

13:18, 3 бештин айы 2019 1748

Баракелде -  Улуу жана Кичи Памирден Кыргызстанга келип, балдарын окутуп жатышкан этникалык кыргыздар үчүн турак жай куруу аракети көрүлүп жатат. Ош облусундагы Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүндөгү Талды-Суу айылында 2020-жылы памирлик кыргыздар үчүн 7 үй курула турганын айыл өкмөттүн башчысы Даанышбек Кеңешов билдирген.

Анын маалыматы боюнча, 1 гектар 20 сотых жер бөлүндү.

«7 үй курууга мамлекеттен 10 млн сом каралган (2019-жылы). Үйлөрдүн долбоору даяр. Учурда үй куруучу компанияларга тендер жарыялаганбыз. Компаниялар катталып жатышат. Ар бир үй 4 бөлмөлүү болуп, узундугу 11 метр жана туурасы 9,60 метрди түзөт. Буюрса 2020-жылдын апрель айынан тарта курулуш иштери башталат», - деди Д.Кеңешов.

Үйлөрдүн долбоору

Жогорку Кеңештин 28-ноябрдагы жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова памирлик этникалык кыргыздарга үй куруу үчүн 2020-жылдагы бюджеттин долбоорунда 17 млн сом каралганын айткан болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком