16:47, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020
16:10, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 202037 Баткен районунда 3 миңден ашык ит каттоого алынды

Аламүдүндөгү абакта 23 жаштагы жигит асынып алды

На русском
14:42, Бештин айынын экиси, 2019 482
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Чүйдөгү Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан №1 түзөтүү абагында соттолгон жигит асынып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда АКИpress агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Болжолдуу маалымат боюнча, маркум жанын кыйганга чейин тамеки чегип, анын калдыгын тамеки кутусунун үстүнө койгон. Андан кийин шейшептин бир учун керебетке байлап, бир учун мойнуна ороп, асынып алган. Түзөтүү мекемесинин кызматкерлери маркумдун денесин 2-декабрга караган түнү табышкан. Дененин төмөн жагы күйүп калган. Ал эми өрт өчүрүлбөй калган тамекиден улам тутанган.

«Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Жансыз дене өлүк сактоочу жайга жеткирилди, учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Маркум өз жанын кыйган деп болжолдонууда», - деп айтылат маалыматта.

Маркум жигит 1996-жылы төрөлгөн. Ал балдар үйүндө тарбияланганы маалым болду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком