08:29, 29-март, 2024

Бишкекте фамилиясы ката жазылган А.Иваницындын эстелиги оңдоло элек. Сүрөт

На русском
14:25, 2-декабрь, 2019 2038

АКИpress -  Бишкек шаарында 55 жылдан бери фамилиясы ката жазылган Алексей Иваницындын эстелиги дагы деле оңдолгон жок. Буга чейин Бишкек шаардык кеңештин отурумунда Алексей Иваницындын фамилиясы туура эмес — Иваницин деп жазылганы маалымдалып, бул тууралуу талкууланган болчу.

12-ноябрда Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында вице-мэр Татьяна Кузнецова ката 2 жуманын ичинде оңдолорун билдирген. Бирок бүгүн, 2-декабрь, ката дагы деле оңдолгон эмес.

Отурумда депутат Сайдахмат Исмаилов бул катаны оңдоо керек экенин белгилеп: «Адамга эстелик орнотуп, фамилиясын ката жазган уят нерсе. Чындыгында уят болдук», - деген.

Иваницын Алексей Илларионовичтин эстелиги Эркиндик бульвары менен Жумабеков көчөсүнүн келишине 1957-жылы орнотулган.

АКИpress'тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

бир жаңылык950 сомСатып алуу
бир жыл3500 сомкатталуу?
Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком