00:59, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: УКМК Райымбек Матраимовду суракка чакырды

На русском
14:26, 29 жетинин айы 2019 2525
Раим Матраимов у здания ГКНБ
Раим Матраимов у здания ГКНБ

Баракелде -  Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстволор аралык комиссия сотко чейинки өндүрүштүн алкагында журналисттик иликтөөдөгү материалдар боюнча Жазык кодексиндеги 39-130-берененин 1-бөлүмү менен (адам өмүрүнө кол салуу) Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган факт боюнча тергөө иш-чараларын улантып жатат. Бүгүн, 29-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасынын мурунку орун басары суракка чакырылды. Учурда Айеркен Саимаитинин дарегине айтылган коркутуулар боюнча маалыматты ар тараптуу изилдөө жана текшерүү үчүн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

------------------------------------

Башкы прокуратура «Азаттык» менен «Клооп» маалымат агенттиктеринин журналисттик иликтөөсү менен таанышкандан кийин кылмыш ишин козгогонун басма сөз кызматы 22-ноябрда билдирген.

Иликтөөдө Айеркен Саимаити Кыргызстандын аймагында жүргөндө коркутууга кабылып, Түркияга качып кетүүгө мажбур болгону айтылган. Ошондой эле айрым журналисттерге да коркутуу болгону тууралуу жазылган. Буга факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 39-130-беренесинин 1-бөлүмү менен (адам өмүрүнө кол салуу) катталган болчу. Сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү милдети Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына берилип, Башкы прокуратура тарабынан көзөмөлгө алына турган болду.

------------------------------------

Түркиянын Стамбул шаарында 2019-жылы 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишкен. Анын ысымы буга чейин Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком