04:18, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020
22:00, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 20202475 Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча айтылышы
21:19, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020167 Юрий Краковецкий Израилдеги турнирде 7-орунга ээ болду
21:05, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 20201275 Панфиловдогу арыктын «картасын» түшүргөн эшек
20:07, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 20201266 Сокулуктагы ооруканада дарыгерлер мушташты
19:59, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020686 Россияда кыргызстандык мигранттар кармалды
Учурда окулуп жатат
11:21, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (12 адам окуп жатат)
Өзгөчө ысым: Атыма тили келбегендер бар, - Ысык-Көлдүн тургуну
13:21, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (2 адам окуп жатат)
Жол эрежесин бузган судьянын иши: Президентке судьяны иштен алуу сунушталды
22:00, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (2 адам окуп жатат)
Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча айтылышы

Москвада жол талашкан ишкер кыргызстандык таксистти газ тапанчасы менен атты

На русском
14:01, Жетинин айынын жыйырма экиси, 2019 320

Баракелде -  Россиянын Москва шаарында ишкер таксисттерге газ тапанчасын атты. Алардын арасында кыргызстандык жаран болгонун «Life.Ru» басылмасы ИИМдин башкы башкармалыгына шилтеме берүү менен билдирди.

Полициянын нөөмөт бөлүмүнө Кыргызстандын жараны кайрылган. Анын айтымына караганда, 20-ноябрда саат 17:00 чамасында ал «Форд Фокус» үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып жол тыгынына кабылган. Ошол учурда ага белгисиз эркек киши басып барып, алдыда тыгын болгонуна карабастан жолду бошотууну талап кылган.

Басылмага белгилүү болгондой, ал ишкер 33 жаштагы Илья Сачков — «Group-IB» компаниясынын ээси болгон.

Чыр-чатактын жүрүшүндө Сачков газ тапанчасы менен кыргызстандык таксист тарапка аткан. Газ жабырлануучунун көзүнө, кийимине жана колуна тийген. Андан кийин ишкер кесиптешине жардам бергиси келген башка таксистке карай дагы газ тапанчасын аткан. Бирок ал тийген эмес.

Полиция кызматкерлери шектүүнү кармап, бөлүмгө жеткиришкен. Ал эми жабырлануучу денесинен жаракат алган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком