17:37, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
16:26, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 20201220 Кыргыз редакцияга кабарчыларды чакырабыз

«Андан көрө мени өлтүр, башкаларга тийбе»: Айдоочу айым бычак көтөргөн киши тууралуу

На русском
09:42, Жетинин айынын жыйырма экиси, 2019 485

Баракелде -  Бишкек шаардык мэриясында №2 троллейбустун жүргүнчүлөрүн бычак көтөргөн кишиден куткарып калган айдоочу айымга жана милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти. Алар мэр Азиз Суракматов менен жолугушуп, окуя тууралуу айтып беришти.

20-ноябрда №2 троллейбуста жүргүнчүлөрдүн бири башка жүргүнчүлөргө бычак менен кол салган. Айдоочу Светлана Тургумбаева патрулчуларды жардамга чакырган.

«Бычак көтөргөн адамды көргөндө дароо жүргүнчүлөрдү ойлодум. Анткени мен ар бирин белгиленген жерге чейин жеткиришим керек. Ага "андан көрө мени өлтүр, бирок башкаларга тийбе" деп айтканга жетиштим», - деди ал.

Мэр айдоочу айымга жана милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Светлана Тургумбаева энчилүү саат менен сыйланса, Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери Адилет Абдылдаев, Мирислам Алимбеков жана Медербек Таалайбековго ыраазычылык каттар тапшырылды.

Окуя 20-ноябрда Бишкек шаарындагы Логвиненко көчөсүндө (Чүй проспектисине жетпей) болгон. №2 троллейбустун ичинен жүргүнчүгө бычак менен кол салган эркек кишини патрулдук милициянын кызматкерлери кармашты. Колунда бычагы бар адам патрулчулардан качууга аракет жасап, бирок ал Ак үйдүн жанында кармалып, колуна кишен салынды. Аны кармоого ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев да жардам берди.

Саат 12:30 чамасында Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде №2 троллейбус токтоп, айдоочу аял чуркап түшкөн. Ал Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлеринен жардам сураган. Айдоочу аял жүргүнчүлөрдүн бири башка жүргүнчүлөргө бычак шилтеп жатканын айткан.

Патрулчу эскертүү катары асманга ок чыгарган, бирок бычак көтөргөн киши баш ийбей, бычакты берген эмес. Андан кийин троллейбустан түшүп, качып кетүүгө аракет жасаган.

Патрулчуларга министрдин орун басары жана Криминалдык милиция кызматкерлери жардамга келген. Алар бычак көтөргөн кишини кармоого көмөк көрсөтүп, бирок кызматкерлердин бири жеңил жаракат алган. Ал эми кармалган киши каршылык көрсөтүп жатып, бычак менен колун кесип алган.

Кармалган жаран Чүй облусунун 1992-жылы туулган тургуну Т.У. экени аныкталды. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ал ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган адам психикалык дарт менен жабыркайт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком