01:45, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020139 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ жок, - ички иштер министринин орун басары

На русском
13:20, Жетинин айынын жыйырма бири, 2019 444

Баракелде -  Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ жок. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов бүгүн, 21-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, милиция кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жана лидерлерин каттоого алат. Бирок М.Каниметов алардын санын айтуудан баш тартты. Анын билдирүүсү боюнча, ал маалыматтар ич ара гана колдонулат.

«Бизде сөз эркиндиги бар. Өзүн криминалитеттин өкүлүмүн деп эсептеген жарандардан маек ала аласыңар», – деп белгиледи Каниметов.

Өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү барбы деген суроого Каниметов: «Соттор тарабынан расмий түрдө кылмыштуу топтун мүчөсү деп табылгандар жок», - деди ал.

Буга чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 2019-жылдын 9 айында милиция кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун 130 мүчөсү кармалганын билдирген. Анын айтымына караганда, анын ичинен 13 адам издөөдө жүргөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком