02:15, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020156 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Бишкекте 47 жаштагы эркек киши тааныш аялды уурдап кетип, 3 күн бою сабаган

На русскомEnglish
08:34, Жетинин айынын жыйырма бири, 2019 434

Баракелде -  Бишкекте адам уурдоого шектелип 47 жаштагы эркек киши колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

19-ноябрда Бишкек ШИИБдин санариптик командалык борборуна Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборунан Ж.Н. аттуу жаран (аял киши) түшкөнү тууралуу маалымат берилген. Анын баш мээси жабыркап, чайкалганы аныкталган.

Айтылган дарекке Октябрь РИИБдин ыкчам тобу жөнөп кеткен. Жабырлануучунун айтымында, Эсен аттуу жаран аны уурдап кетип, Көк-Жар конушундагы үйлөрдүн биринде 3 күн камап алып сабаган.

Бул факт Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бириктүү реестрине катталды.

Октябрь РИИБдин ыкчам тобу тарабынан кылмышка шектелип, 1972-жылы туулган Н.Э. аттуу жаран кармалды. Ал №1 убактылуу кармоочу жайга 2 айга киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком