09:29, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020
09:23, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 20207 Араванда жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө көмүр таратылды
09:09, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 20208 Абанын күндүзгү температурасы
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020621 Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?
Учурда окулуп жатат
19:49, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (24 адам окуп жатат)
Кара-Суудагы аламан улакта баш байгеге коюлган батирди Байыш Ниязов утуп алды
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (6 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш
10:40, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (4 адам окуп жатат)
«Уурулар сабап, баспай калдым»: Ооруга моюн сунбаган жетекчинин баяны. Видео

Бычак көтөргөн кишини кармоо учурунда милиционер жаракат алды. Видео

На русском
19:44, Жетинин айынын жыйырмасы, 2019 270

Баракелде -  Бишкек шаарында троллейбустун жүргүнчүлөрүнө бычак менен кол салган адамды кармоо учурунда Биринчи май РИИБдин кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарындагы Логвиненко көчөсүндө (Чүй проспектисине жетпей) болгон. №2 троллейбустун ичинен жүргүнчүгө бычак менен кол салган эркек кишини патрулдук милициянын кызматкерлери кармашты. Колунда бычагы бар адам патрулчулардан качууга аракет жасап, бирок ал Ак үйдүн жанында кармалып, колуна кишен салынды. Аны кармоого ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев да жардам берди.

Саат 12:30 чамасында Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде №2 троллейбус токтоп, айдоочу аял чуркап түшкөн. Ал Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлеринен жардам сураган. Айдоочу аял жүргүнчүлөрдүн бири башка жүргүнчүлөргө бычак шилтеп жатканын айткан.

Патрулчу эскертүү катары асманга ок чыгарган, бирок бычак көтөргөн киши баш ийбей, бычакты берген эмес. Андан кийин троллейбустан түшүп, качып кетүүгө аракет жасаган.

Патрулчуларга министрдин орун басары жана Криминалдык милиция кызматкерлери жардамга келген. Алар бычак көтөргөн кишини кармоого көмөк көрсөтүп, бирок кызматкерлердин бири жеңил жаракат алган. Ал эми кармалган киши каршылык көрсөтүп жатып, бычак менен колун кесип алган.

Кармалган жаран РИИБге жеткирилди. Ал Чүй облусунун 1992-жылы туулган тургуну Т.У. экени аныкталды. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кармалган адам психикалык дарт менен жабыркайт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком