19:47, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Казакстанда мурунку депутат менен камалган 2 жаран дагы Кыргызстанга которулду

16:50, 19 жетинин айы 2019 61
Мурадилов Уланбек Туратбекович // Фото со страницы в социальной сети
Мурадилов Уланбек Туратбекович // Фото со страницы в социальной сети

Баракелде -  Казакстанда мурунку депутат Дамирбек Асылбек уулу менен чогуу кармалган Улан Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров дагы Кыргызстанга которулду. Бул маалыматты «Баракелде» басылмасына Улан Мурадиловдун туугандары тастыкташты.

Маалыматтарга караганда, Дамирбек Асылбек уулу менен чогуу Казакстанда камалган Нарын облусунун тургундары — Улан Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров 19-ноябрга караган түнү Кыргызстанга алынып келген.

-------------------------------------------------------------------------------

Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2018-жылдын 15-16-февраль күндөрү Улуттук коопсуздук жана улуттук бюро комитетинин көзөмөл органы бажы тармагындагы коррупцияны, ошондой эле өлкөнүн чек ара аймагында аткезчилик менен алектенген уюшкан кылмыштуулукту токтотуу максатында Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында чоң масштабдуу операция жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында экс-депутаттан тышкары 11 адам кармалган.

Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулу менен бирге аткезчиликке айыпталып кармалган Чыңгыз Абакиров жана Уланбек Мурадилов да 10 жылга эркинен ажыраткан. Судья өкүмдү окуп жатканда жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана соттолуучулардын жакындары катышкан эмес. Буга сот процессинде мушташ чыкканы себеп болгон.

-------------------------------------------------------------------------------

Чыңгыз Абакиров жана Уланбек Мурадиловдун жакындары АКИпресс-Нарында маалымат жыйын өткөрүп, президентке кайрылуу жасашкан.

Алар мурунку депутат Дамирбек Асылбек уулу, Нарын районунун тургундары — Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадиловго тагылган айып бир тараптуу болуп калгандыгын айтышкан.

«Уланбек байкем Дамирбек Асылбек уулу менен жакшы достордон болгон. Алар Алматы шаарында кармалып, эки айып (экономикалык контрабанда жана трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөсү) тагылган. Соттук отурум болуп жаткан учурда сот бир тараптуу далилдерди кабыл алды. Дагы биздин жарандар сыртта калды. Жактоочуларыбыз жакшы иштешти. Алар баары мыйзамдуу экендигин, салыктардын баары төлөнгөнүн айтышты. Аларды сот далил катары тааныбай коюшту.
Биздин күчүбүз жетпей жаткандыктан президентке кайрылып жатабыз. Маалыматтардан дагы уттуруп жибердик, сотторго дагы басым болдубу, айтор бир тараптуу чечим чыгарып салды», - деген Уланбек Мурадиловдун иниси Нурлан Мурадилов.

Жыйынга чогулгандар Кытайдан чыккан 12 жүк ташуучу унаа кытай-кыргыз чек арасынан өткөндө бардык салыктарды төлөгөнүн, Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттери бирдиктүү бажы зонасында болгондуктан, кыргыз-казак чек арасын кесип өтүү аткезчиликке жатпай тургандыгын, Кыргызстандан чыккан жүктүн бажы төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын бажы органдарына төлөнгөнүн кошумчалашкан болчу.

Мурадилов Уланбек Туратбекович 1979-жылы Нарын шаарында туулган, билими жогорку. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Нарын шаардык кеңешинин аппаратында иштеп, жооптуу катчыга чейин көтөрүлгөн. 2008-жылы Нарын шаардык кеңешине депутат болуп келген. 2009-2010-жылдары Нарын шаарынын вице-мэри болгон.

Абакиров Чыңгыз Абакирович 1985-жылы Нарын шаарында туулган, жогорку билимдүү. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком