09:34, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020
09:23, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 202014 Араванда жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө көмүр таратылды
09:09, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 202010 Абанын күндүзгү температурасы
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020626 Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?
Учурда окулуп жатат
19:49, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (39 адам окуп жатат)
Кара-Суудагы аламан улакта баш байгеге коюлган батирди Байыш Ниязов утуп алды
08:39, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (6 адам окуп жатат)
Тагдыр: 4 баланын энесин аман алып калуу үчүн агасы донор болууга даяр. Видео
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (5 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

Казакстанда 10 жылга кесилген мурунку депутат Кыргызстанга алынып келди

На русском
14:38, Жетинин айынын он тогузу, 2019 852
Дамирбек Асылбек уулу
Дамирбек Асылбек уулу

Баракелде -  Казакстанда кармалып, камакка алынган Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга которулду. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда АКИpress агенттигине өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аны Кыргызстанга 19-ноябрга караган түнү алып келишкен.

-------------------------------------------------------------------------------

Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2018-жылдын 15-16-февраль күндөрү Улуттук коопсуздук жана улуттук бюро комитетинин көзөмөл органы бажы тармагындагы коррупцияны, ошондой эле өлкөнүн чек ара аймагында аткезчилик менен алектенген уюшкан кылмыштуулукту токтотуу максатында Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында чоң масштабдуу операция жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында экс-депутаттан тышкары 11 адам кармалган.

Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулу менен бирге аткезчиликке айыпталып кармалган Чыңгыз Абакиров жана Уланбек Мурадилов да 10 жылга эркинен ажыраткан. Судья өкүмдү окуп жатканда жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана соттолуучулардын жакындары катышкан эмес. Буга сот процессинде мушташ чыкканы себеп болгон.

Шаардык соттун маалыматына караганда, аларга Казакстандын Кылмыш-жаза кодексиндеги 234-берененин 3-бөлүгү (мамлекеттик милдет аткарып жаткан ыйгарым укуктуу кызматкерлердин Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдөгү товар же башка предметтерди ташуусу) жана 264-берененин 2-бөлүгү ( улуттар аралык уюшкан топко же улуттар аралык кылмыштуу топко катышуу) боюнча айып тагылган.

Кийинчерээк Д.Асылбек уулу Казакстандын жараны экенин тастыктаган документтерге ээ экенин расмий органдар маалымдаган. Бул маалыматты «Казинформ» басылмасы Казакстандын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик тил, маалымат департаментинин директору А.Садубаевге шилтеме берип жарыялаган.

«Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин камакка алынган депутаты Дамирбек Асылбек уулу Жамбыл облусундагы Кордай районунда туулган, улуту боюнча казак. Жашы жеткенден кийин туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде Казакстандын жараны тууралуу паспорт алган», - деген Алмас Садубаев.

Анын айтымында, Дамирбек Асылбек уулу 2010-жылы паспортунун жарактуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кайрадан Казакстандын жараны тууралуу өздүгүн аныктаган документ алган. «Тиешелүү органдарга Казакстандын жарандыгынан чыгуу тууралуу кайрылган эмес. Учурда бул факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат», - деп кошумчалаган А.Садубаев.

Бул тууралуу нота да келгени маалымдалып, бирок Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы депутат Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу тууралуу кайрылбаганын маалымдаган.

Кийинчерээк Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулунун Казакстандын жараны деген паспорту жараксыз деп табылганын Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Акматов билдирген.

Ал белгилегендей, кармоо учурунда Казакстандын жарандыгы боюнча фактыны казак тарап маалымдаган.

«Кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулунун Казакстандын жарандыгы боюнча паспортун текшерүүдө жараксыз деп табылды. Бүгүнкү күндө ал биздин жаран. Казакстандын шарты боюнча алар адамдын башка жарандыгы бар экенин аныкташса, Казакстандын жарандыгы автоматтык түрдө алынат. Ал учурда Кыргызстандын жараны катары соттолуп жатат. Эгерде экс-депутат соттолуп кетсе, ал Кыргызстанга берилиши мүмкүн», - деген ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком