16:33, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
15:27, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 202094 Жарактан чыккан Талды-Суудагы маданият үйү

«Чет өлкөлүктөргө эч ким тийбейт»: Кыргызстандык студент Гонконгдогу абал тууралуу

На русском
09:58, Жетинин айынын он тогузу, 2019 342

Баракелде -  Митинг айрым жерлерде өтүп жатат, ал эми Гонконгдо абал тынч. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Гонконгдо окуган студент Искендер Таласбеков билдирди.

Искендер Гонконг шаардык университетинин студенти. Жогорку окуу жайдагы жатаканада жашайт. Искендер өзү окуган университетте сабактар токтотулганын билдирди. Ал Гонконгдон Кыргызстанга багыт алган.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Гонконгдо 38 кыргызстандык студент билим алып жатканын билдирген. Өткөн жумада үч кыргызстандык студент өлкөдөн чыгып кетишкен.

Искендер Таласбеков эмне үчүн окуусун убактылуу калтырганын айтып берди. Акыркы күндөрү университеттеги жатаканада митингге чыккандар база түзө башташкан.

«Ал коопсуз жер. Чет өлкөлүк студенттерге эч ким тийбейт. Митингге чыккандар алардын чыр-чатагына биздин тиешебиз жок экенин айтышты. Полиция дагы өзүн ушундай алып жүрөт. Башкача айтканда алар бизге абдан сылык мамиле кылып, баары жакшы сүйлөшөт», - деди ал.

«Семестрдин аягына чейин онлайн-режимде сабак өтөбүз. Бизге, чет өлкөлүк студенттерге кооптуу эч нерсе болбош үчүн жогорку окуу жайдан кетүүбүздү суранды», - деп белгиледи студент.

Кыргызстандык студенттерди көчүрүү боюнча суроого Искендер аларга Гуанчжоудан Кыргызстандын башкы консулдугунун өкүлдөрү барганын айтып жооп берди.

«Алар биз менен сүйлөшүп, аэропортко чейинки трансферди төлөп беришти. Жакынкы убакытка билет алыш керек болчу. Бирок алар абдан кымбат баада болгондуктан көйгөйлөр болду. Көп студенттер билетти арзан баада алыш үчүн Россия аркылуу сатып алышты», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком