Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандык спортчулар грэпплинг боюнча 18 медаль утушту
На русскомБаракелде - Кыргызстандык спортчулар грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатынан 18 медаль утуп алышты. Чемпионат 8-9-ноябрь күндөрү Азербайжандын Баку шаарында өткөн.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев 15-ноябрда жеңүүчүлөр жана алардын машыктыруучулары менен кезигип, дипломдорду тапшырды.
Кыргызстандын атынан чемпионатка жалпы 29 спортчу катышкан.
Жаштар арасында:
1-орун — Кылымбек Мамытов (77 кг чейин);
1-орун — Абдыкерим уулу Элдос (92 кг чейин);
Кадеттер арасында
2-орун — Айдай Орозбекова (56 кг чейин);
3-орун — Элдияр Алымсеитов (58 кг чейин);
3-орун — Ильгиз Аскарбеков (66 кг чейин);
3-орун — Миоаббос Раупов (42 кг чейин);
3-орун — Мирлан Аманов (58 кг чейин);
3-орун — Султан Жанболотов (59 кг чейин);
3-орун — Жылдызбек Сакматов (53 кг чейин);
3-орун — Улан Төлөгөнов (59 кг чейин);
Ардагерлер арасында:
1-орун — Аскарбек уулу Эрали (66кг чейин);
1-орун — Марсбек Калбаев (62 кг чейин);
1-орун — Урмат Осмонкулов (71 кг чейин);
2-орун — Адилет Ыманалиев (66 кг чейин).