«Телефон чукулабай тамак жаса»: Жумгалда дайынсыз жоголгон Нурбүбү табылды
17:42, 16 жетинин айы 2019
90
Баракелде - Жумгал районунда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Нурбүбү табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган түзүмдүн маалыматында, өспүрүм кыз бүгүн, 16-ноябрь күнү табылган. Нурбүбү агасына таарынып, эч кимге айтпай тааныштарынын үйүнө кетип калган.
Аталган өспүрүмгө Жумгал РИИБ тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал энесине тапшырылып берилди.
Айылдаштарынын айтымында, агасы «телефон чукулабай тамак жаса» деп тилдеген.
Буга чейин Жумгал районунда 15 жаштагы Нурбүбү изделип жаткандыгы маалымдалган.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком