07:56, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Тажик президенти Сооронбай Жээнбековго телефон чалды

14:22, 16 жетинин айы 2019 67

Баракелде -  Бүгүн, 16-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Эмомали Рахмон Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен жылуу куттуктап, бекем ден соолук, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишинде жаңы ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

-------------------------------------------------------------

Бүгүн, 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 61 жашка чыкты. Өлкө башчыга чет өлкөлөрдүн президенттери куттуктоо жөнөтүп жатышат.

Жээнбеков Сооронбай Шарипович 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында туулган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком