02:56, 12 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Кечки саат ондо көчөгө чыккан»: Жумгалда 15 жаштагы Нурбүбү жоголду

13:00, 16 жетинин айы 2019 40

Баракелде -  Жумгал районунда 15 жаштагы Нурбүбү изделип жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 15-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жумгал районунун Чаек айылынын 1965-жылы туулган тургуну К.Б. кайрылып, кызы — 2004-жылы туулган Турарбек кызы Нурбүбү 14-ноябрда кечки саат 22:00 чамасында үйдөн эч себепсиз чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Н.Турарбек кызынын өзүнө таандык уюлдук телефону өчүк болуп жатат. Акыркы жолу кечээ, 15-ноябрда саат 19:05 чамасында Жумгал районунун Чаек айылынын түндүк тарабынан телефону иштеп, өзүнүн апасына «2-3 күндө барам» деп билдирүү жазып, кайрадан өчүрүлгөн. Азыркы учурда Н.Турарбек кызынын кайсы даректе жүргөндүгүн тактоо боюнча Жумгал РИИБдин жалпы кызматкерлерине тергөө тапшырмалары берилип ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө белгилери: бою 1,65 см, арык чырай.

Турарбек кызы Нурбүбү тууралуу кабары барлар 0500 65 08 22 телефон номуруна чала алышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком