17:45, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Мени издебегиле»: Оюнга азгырылган Ысакбек 4 күндөн бери дайынсыз

09:45, 16 жетинин айы 2019 96

Баракелде -  Бозонов Ысакбек Нурланович 12-ноябрда Бишкек шаарынын №5 кичи районундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу аймактык кабарчыга баланын апасы Чолпонай Акматова билдирди.

Ал жаш балдарды азгырган жаӊы оюн чыкканын жана ага уулу баш-оту менен берилип кеткенин белгиледи.

«Азыр PUBG LITE деген компьютердик оюн чыгыптыр. Ошол оюнга уулум баш-оту менен кирип кетти. Таӊ заардан кечке чейин оюндан чыкпай калган. Уулумду ошол оюндан чыгарам деп, англис тил курсуна, күрөшкө киргизгем болчумун. Бирок ал жактарга барбай эле компьютердик клубдарга кетип калчу экен. Бир сөз менен айтканда компьютердик клубдарда жашап эле калган.

Жоголгон күнү мектептен акыркы сабактан качып кетиптир. Үйгө келгенде, «апа мектепке сумкам калып калыптыр» деп тез эле чыгып кеткен. Ошону менен кечки саат 21:00дө келди. «Сумкаң кана?» десем, «мектепке барган жокмун» деди. «Анда спорт залга бардыӊбы?» десем, «ооба бардым» деди. Бирок мен ага ишенбей, машыктыруучусуна телефон чалсам, «эже балаӊыз келген жок» деди. Ошондо уулумду аябай урушуп, «Ошко айылга барасыӊ» деп койгом. Ошол тапта бир сиӊдим көз жарып, мени төрөт үйүнө чакырып калышты. Улуу кызым менен кичүү уулумду кошо ээрчитип алып, төрөт үйүнө кеттим. Бул балам үйдө калган. Мен аны жалгыз калтырып, ишенип таштап кеткенимдин себеби, ал буга чейин минтип түн ортосунда чыгып кетчү эмес. Биз төрөт үйүнөн келсек, балам үйдө жок экен. Кат таштап кетиптир. Катка: «Мени издебегиле, эртеӊ келем» деп жазыптыр. Ошону менен келген жок. Биз шаардагы бир топ интернет клубдарды кыдырып издедик жана милицияга арыз жаздык», - деди ал.

Чолпонай айымдын айтымында, жогоруда аталган оюн жаш балдарга белек таратып, кызыктырып жатат.

«Бул оюндун байгесине белектер коюлат экен. Дем алыш күндөрү бекер тамак-аш берип турушат экен. Көп акчаны ортого коюп, мелдештирип ойноторун уктум. Мен башка ата-энелерге да айтарым, балдарын ушундай азгырык оюндардан алыс кармап, сак болгула дейт элем. Ошондой эле атайын органдар бул оюнду көзөмөлгө алышы керек», - деди ал.

Ысакбек Бозонов учурда 8-класста окуйт. Ал тууралуу кабары барлар 0706 70 67 17 телефон номуруна чалса болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком