01:56, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020146 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

1000 сомго тартылган тасма Лос-Анжелестеги кинофестивалда башкы сыйлыкка ээ болду

На русском
11:12, Жетинин айынын он жетиси, 2019 432
Суйум Сулайманова
Суйум Сулайманова

Баракелде -  Кыргызстандык жаш режиссер Сүйүм Сулайманова Лос-Анжелес шаарындагы эл аралык Азия кинофестивалында «Голден Глобус» кыска метраждуу тасма сынагында башкы сыйлыкты жана стипендия алды.

Сынакта АКШ, Грузия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген режиссерлордун тасмалары тартууланды. Жыйынтыгында Сулайманованын «Менин досум, менин душманым» («Друг мой -враг мой») аталышындагы 4 мүнөттүк тасмасы эң мыкты деп табылды.

Буга чейин Американын Казакстандагы элчилиги жыл сайын өткөргөн фестивалдын «48 сааттын ичинде тартуу» сынагында кыргызстандык Сулайманова жеңишке жеткен болчу. Ал Нью-Йорк шаарынан тажрыйба топтоп, 10 күн окуп келгенге мүмкүнчүлүк алган.

Сүйүм жеңиши жөнүндө АКИpress агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.

- Сүйүм жеңиштен кийинки сезимдериңиз менен бөлүшсөңүз?

- Мен аябай толкунданып турам. Азырынча эмне болуп кеткенин деле жакшы түшүнө элекмин. Бул бир гана сүйүнүү же сыймыктануу эмес. Бул бир чоң жоопкерчилик, мага болгон ишенич. Бул мен үчүн алдыга умтулганга түрткү болот деп ишенем.

- Башкы сыйлыкты алам деп күттүңүз беле?

- Жок. Ал жерде мыкты режиссерлор мыкты тасмаларын тартуулашты. Өзбекстандан келген режиссердун «Чай» тасмасы жеңет деп ойлогом. Ал тасманы Кыргызстандан дагы көргөн болчумун. Ошондой эле грузиялык тасма дагы абдан жакты.

- Стипендияны кайсы иштерге же эмнеге жумшайын деп жатасыз?

- Кыска метраджуу тасма тартам. «Менин досум, менин душманым» — бул менин деюттук тасмам. Айтсам ишенбейсиз, тасманын бюджети 1000 сомду гана түзгөн болчу.

- Сиз кайсы кесиптин ээсисиз?

- Мен жактоочумун. Ал эми тасма тартканды Эрнист Абдыжапаров менен Темир Бирназаровдон үйрөнгөм. Бир канча жыл кинодо аткаруучу продюсер, директор жана уюштуруучу болуп иштегем.

Учурда бул «Голден Глобус» сыйлыгы Оскар сыйлыгына барабар экенин эми гана жыйын, маек өткөрүп жатканда түшүнүп жатам.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком