09:05, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео: Бишкекти унаа тыгындан арылтууга жардам берген жаңы көпүрөлөр

На русском
16:07, 15 жетинин айы 2019 115

Баракелде -  Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Уезбаев АКИpress агенттигине акыркы 2 жылда курулган көпүрөлөр тууралуу айтып берди. Бул курулуштар борбор калаанын жолдорун унаа тыгындан бошотууга жардам берет.

2015-жылы Кыргызстан менен Кытайдын өкмөттөрүнүн ортосунда Бишкекти өнүктүрүү үчүн 1 млрд юань грант берүү тууралуу макулдашууга кол коюлган. Бул каражат 3 фазага бөлүнгөн.

1-фазаны ишке ашыруу 2017-жылы башталган. Анын алкагында 49 көчөнү оңдоо жана 7 көпүрө куруу каралган. Учурда 49 көчөнүн жана 7 көпүрөнүн курулушу толугу менен аяктап, болгону Лев Толстой көчөсүндөгү 1 чакырым жол калды. Анын курулушу аталган тилкедеги жылуулук түйүндөрүн алмаштыруу иштерине байланыштуу бүтө элек. Бул тилкени оңдоо иштери ушул жылдын аягында же 2020-жылы жазында бүткөрүлөт.

1-фазанын алкагында курулган жолдор жана көпүрөлөр Бишкектин негизги чоң жолдорун унаа тыгындан бошотту. У.Уезбаев алардын айрымдары тууралуу айтып берди.

Көйгөлүү тилкелерди байланыштырган көпүрөлөр:

Токтоналиев көчөсүндөгү көпүрө (Медеров көчөсү менен кесилишкен тилкеде) Ч.Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүн тыгындан арылтат.

Токомбаев көчөсүндөгү (Түштүк магистралдын чыгыш бөлүгү) Аламүдүн дарыясы аркылуу өткөн кеңейтилген көпүрө 2018-жылы пайдаланууга берилген. Анын узундугу 54 метр, туурасы 12 метр.

Лев Толстой көчөсүндөгү эстакадалык көпүрө Бишкек шаарынын батыш жана чыгыш бөлүгүн бириктирет.

Көпүрөнүн узундугу 100 метр, ал темир жолдун үстүнөн өтөт. Эстакадалык көпүрө борбордогу унаа тыгын маселесин чечүүдө маанилүү элемент болуп саналат. Долбоордун авторлорунун планы боюнча, Лев Толстой көчөсү Бишкек шаарынын батыш менен чыгыш бөлүгүн байланыштырышы керек. Бул Чүй, Жибек жолу проспектилерине жана Анкара көчөсүнө альтернатива болуп, унаа тыгын азаймак.

Аламүдүн дарыясы аркылуу өткөн Фрунзе менен Токтогул көчөлөрүндөгү эки көпүрө шаардын чыгышына чыгууга мүмкүнчүлүк берип, Чүй проспектисин тыгындан арылтат.

Чоң Чүй каналы аркылуу өткөн (Орозбеков көчөсү) көпүрө Абдрахманов менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн бир бөлүгүн тыгындан бошотот.

Уезбаев бул көпүрөлөр Бишкек шаарын толугу менен унаа тыгындан арылтууга жетишсиз экенин мойнуна алды. Жолдорду бошотууга 2-3-фазадагы долбоорлор жардам берет.

«2-фазанын алкагында 60 көчөнү куруу, оңдоо пландалып жатат. Алардын ичинен 28 көчө конуштарда, 32 көчө Бишкекте жайгашкан», - деди Уезбаев.

Уезбаев: «Кийинки жумада башкы ортомчу ишкананы тандоо ишин баштоону пландап жатабыз. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык сынак 1 айдын ичинде өтөт. Бул жылдын аягына чейин башкы ортомчу ишкананы аныктап, тилкелерди даярдап баштайбыз. Кызыл тилкеден өтүп кеткен курулуштар бузулат. Бул 2020-жылдын апрель айынан баштап 2-фазаны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет», - деди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком