08:32, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020238 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201357 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020131 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Баткенде журналистмин деп кыздарды алдап, сөйкө, телефондорун алып жүргөн жигит изделип жатат (сүрөт)

На русском
12:50, Жетинин айынын он беши, 2019 47

Баракелде -  Баткен шаарында өзүн телеканалардын биринин журналистимин деп тааныштырып, алдамчылык кылган жигит пайда болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Ал кыздардын ишеничине кирип, алдоо жолу менен «съемка үчүн керек» деп, сөйкөлөрүн жана телефондорун алып жүргөн. Бул жигит Баткен мамлекеттик университетине барып, студенттерге семинар өткөргөнгө да жетишкен.

Ал эми Баткен ШИИБдин маалыматына караганда, 13-ноябрда милицияга Баткен районунун Согмент айылынын 2001-жылы туулган тургуну М.А. арыз менен кайрылган. Ал ошол күнү Баткен шаарынын «Жеңиш» паркында тааныш эмес, 25-30 жаштар чамасындагы жигит келип, ар кандай суроолорду берип, ишеничине кирип, 6900 сомдук уюлдук телефонун алып, окуя болгон жерден кетип калгандыгын билдирген. Аталган адам бештен ашык адамды алдаганы айтылууда. Учурда бул фактылар боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком