17:39, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Туулган күнүндө жерге берилди»: Төкмө акын Акжолтой менен Изаарддын сүйүүсү

На русском
10:44, 15 жетинин айы 2019 (Жаңыланды: 18:41, жетинин айы 15 2019) 239

Баракелде -  Жол кырсыктан каза болгон 26 жаштагы төкмө акын Акжолтой Канат уулу жана анын жубайы Канатбекова Изаарддын баш кошкондоруна эки ай гана болгон. Бул тууралуу Изаарддын апасынын жакын курбусу Саида Максимова аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, Изаард 1996-жылдын 13-ноябрында, Акжолтой 1993-жылы туулган. Төкмө акын кыргыз эстрада ырчыларынын ырларын жазып берип, тойлордо тамадалык кылчу. Атасы жана бир эжеси калды.

«Изаарддын ата-энеси Бишкек шаарында турушат. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу болчу, иниси жана сиңдиси бар. Ал педагогикалык окуу жайда билим алган. Акжолтой менен Изаард социалдык тармактардан таанышкан экен. Ушул жылдын 19-сентябрында Акжолтой атасы, эжеси жана достору болуп келишип, салт боюнча Изаардга сөйкө салып, кол менен алып кетишкен. Атасы менен эжеси жөнөкөй адамдар экен. Экөө эмдиги жылы жазында үйлөнүү той беребиз деп пландап жатышкан», - деди Саида Максимова.

Анын айтымында, жаш жубайлар 13-ноябрда Изаарддын туулган күнүндө акыркы сапарга узатылды.

«Мен учурда Москва шаарындамын. Угуп алып, ичим күйдү. Экөө сонун жаш жубайлар эле. Изаард жаркылдаган, ар дайым шайыр жүргөн кыз болчу. Үйүнө барып калсак, алдыбыздан тосуп чыгып, саламын берген эстүү кыз эле. Апамдын курбулары деп бизди аябай сыйлачу.

Экөө бири-бирине төп келген жубайлар болчу. Акжолтойдун Изаардга болгон сүйүүсү анын ага арнап аткарган ырларынан билинип турчу. Жылуу сезимдерин улуу адамдардын жанында ачык айтпаса дагы, төкмөлүк өнөрү менен билдирчү. Жакында эле мен Москвага кетердин алдында 8-ноябрда сиңдисинин туулган күнүндө Акжолтой экөө келип куттукташып, ырдап беришкен. Анын алдында эле апасы туугандарын чакырып, күйөө баласы Акжолтойду аларга тааныштырган. Өзү белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын уулу экенине карабай, өзү дагы төбөсү көрүнгөн төкмө акын болсо дагы өзүн жупуну алып жүргөн жигит болчу.

Изаард атасына аябай жакын болчу. Акыркы жолу келгенде атасынын жанынан чыкпай, кучактап отурган. Экөө кайда барышпасын чогуу жүрүшчү. Конокко келгенде шаңдуу отурушуп, Акжолтой «Бегимай» аттуу ырын ырдап калчу эле, ырларынын баарын Изаардга арначу. Жаңы гана баш кошкон жубайлар чогуу кетишти.

Экөө 13-ноябрда Изаарддын туулган күнүндө жерге берилди. Жакшы адамдар бул дүйнөдөн эрте кетишет тура. Жараткан аларга бейиштен орун берсин деп дуба кылып жатабыз», - деди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, Акжолтой Канат уулу жана анын жубайы Канатбекова Изаард 13-ноябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Сай айылында акыркы сапарга узатылган.

Окуя тууралуу

Буга чейин Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымында жол кырсыгы катталып, 4 адам мерт кеткени маалымдалган. Алардын арасында маркум төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу жана анын келинчеги да болгон. Алар жакында эле баш кошушкан.

Каза болгон жигиттер маданият тармагында иштешчү. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар Тоң районундагы иш-чарага катышып, андан кийин Кочкор районуна тойго бара жатышкан.(Толугу менен бул шилтемеде)

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком