08:17, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео — Бишкектеги темир жолдун ордуна 6 тилкелүү жол куруу сунушталууда

На русском
09:45, 15 жетинин айы 2019 1600

Баракелде -  Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы темир жолду Бишкек шаарынын аймагынан чыгарып, анын ордуна 6 тилкелүү магистраль курууну сунуштап жатат.

Башкармалыктын башчысынын орун басары Улан Уезбаев АКИpress агенттигине Бишкектин борборуна 6 тилкелүү кеңейтилген жол куруу сунушу тууралуу айтып берди. Ал бул идея Фрунзе шаарынын СССР учурунда иштелип чыккан өнүктүрүү картасын көргөндөн кийин пайда болгонун белгиледи.

«Ошондо эле шаарды кеңейтүүдө жолдорду тыгындан бошотуу үчүн тилкелерди куруу пландалган. Мисалы, бул картада темир жолдун ордунда электр темир жолу болушу керек экени көрсөтүлгөн. Учурда Транспорт жана жолдор министрлиги Бишкектин айланма жолун 6 тилкелүү кылуу боюнча жол тармактарын калыбына келтирүү долбоорун иштеп жатат. Биз долбоорду Транспорт министрлиги, өкмөт менен бирге иштеп чыгууну сунуштап жатабыз. Ал эми темир жолдун ордуна Бишкектин чыгыш менен батыш бөлүгүн бириктирген 6 тилкелүү жол курууну сунуштайбыз», - деди ал.

Уезбаев Бишкек шаарында союз учурунда курулган 7 көпүрө курулмасы бар экенин кошумчалады.

«Алардын ордуна борбор шаардын түндүк жана түштүк бөлүгүн бириктирген жол курулмаларынын комплексин курууга болот», - деди ал.

Анын айтымында, долбоорду каржылоо маселеси да каралган. Кытай берген грант боюнча долбоордун үчүнчү фазасы үчүн бөлүнгөн каражат долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Үчүнчү фазанын алкагында жол курулмаларынын комплексин куруу пландалган.

«Бир курулма эң аз 2 млрд сом болот. Бул бизге 15 чакырым жол курууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок учурда саналып жатат», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком