08:26, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Фатима Өмүралиева Жумгалдын акиминин орун басары болуп дайындалды

09:18, 15 жетинин айы 2019 50

Баракелде -  Нарын облусуна караштуу Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп Өмүралиева Фатима Арманбекова дайындалды.

лолр

Ф.Өмүралиева 1962-жылы Жумгал районундагы Чаек айылында төрөлгөн. 1984-жылы мурдагы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун аяктап, орус тили жана орус адабияты боюнча билим алган.

1984-1987-жылдары М.Алыбаев атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенген. 1987-1989-жылдары Аламүдүн районундагы №47 кесиптик окуу жайында окутуучу, усулчу, директордун орун басары кызматтарын аркалаган. Андан соң Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясында мугалим, кесип бирлигинин төрайымы болуп иштеген. 2017-жылдан баштап ушул күнгө чейин Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүү. Эки уул, бир кыздын энеси.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком