01:45, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020140 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Лос-Анжелесте кыргыз депутаты негиздеген кинофестиваль аяктады. Сүрөт

На русскомEnglish
09:00, Жетинин айынын он беши, 2019 272

Баракелде -  Лос-Анжелес шаарында бешинчи эл аралык Азия кинофестивалынын жабылыш аземи өтүп жатат. Фестиваль Жогорку Кеңештин депутаты, режиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.

Аталган фестивалда «Даңазалуу доор» сериалында Хюрремдин ролун аткарган түркиялык актриса Мерьем Узерли калыстардын төрайымы болду.

Иш-чаранын ачылышына АКШда жашаган кыргыздар, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев жана голливуддук жылдыздар да катышкан болчу.

Фестивалга 50 өлкөдөн: Түркиядан Японияга чейин, Россия, Индия жана Жакынкы Чыгышта тартылган тасмалар катышты.

Ал эми Кыргызстандын атынан режиссер Бекзат Пирматовдун «Аврора» жана Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы көрсөтүлдү. Ошондой эле Садык Шер-Ниязовдун «Курманжан датка» тарыхый тасмасы дагы тартууланды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком