08:07, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020562 Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?
Учурда окулуп жатат
19:49, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (13 адам окуп жатат)
Кара-Суудагы аламан улакта баш байгеге коюлган батирди Байыш Ниязов утуп алды
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (6 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (4 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

«Тилекке каршы ушундай болуп калды»: ЖАМКтын өкүлү №3 абактагы жоокердин өлүмү тууралуу

На русском
12:36, Жетинин айынын он төртү, 2019 134
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын каза болгон жоокери 7 ай кызмат өтөгөн. Соттук экспертиза анын жүрөгү токтоп калганын көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйында ЖАМКтын төрагасынын орун басары Таалайбек Нуралиев билдирди.

«Тилекке каршы ушундай болуп калды», - деди ал.

4-ноябрда күндүз №3 түзөтүү абагында 4-батальондун катардагы Р.Б. аттуу жоокери каза болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал токко урунган.

Нуралиев белгилегендей, ЖАМКтын төрагасы Коргоо жана кайтаруу департаментинин башка жоокерлеринин ден соолугун кайрадан текшерип чыгууну тапшырган.

«Жыл башынан бери 2 факт катталды. Бири келишимдик негизде кызмат кылчу. Кечинде өзүн жаман сезип жатканын айтыптыр. Андан кийин жүрөк оорусу кармап калганы аныкталды. Учурда бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тергөө жүргүзүп жатат», - деди Нуралиев.

20 жаштагы Р.Б. Жалал-Абад облусунун тургуну болгон. Ал 2018-жылы аскерге чакырылып, Новопокровкадагы №3 абакта кызмат өтөп жаткан. Маркум сырткы инженердик-техникалык жабдууларга жооптуу болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком