17:37, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
16:26, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 20201220 Кыргыз редакцияга кабарчыларды чакырабыз

БШКнын төрайымы: Парламенттик шайлоо 2020-жылы октябрь айында өтөт

На русском
12:25, Жетинин айынын он төртү, 2019 213

Баракелде -  Кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылы октябрь айында өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШКнын 30 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда билдирди.

Анын айтымында, акыркы айларда Кыргызстандагы парламенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтүү боюнча талкуулар болуп жатат.

«Жалпы пикирге келдик, шайлоо 2020-жылы октябрь айында өтөт», - деди ал.

Ошондой эле Нуржан Шайлдабекова өлкөдөгү шайлоо укуктарынын негиздери тууралуу айтып берди.

БШК Жогорку Кеңешке шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүүнү пландап жатат. Бул шайлоодо VII чакырылыштын депутаттары шайланат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком