09:03, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ага-ининин, 3 кыздын күтүлбөгөн өлүмү: Маркум окуучунун атын алып жүргөн айыл

На русском
10:23, 14 жетинин айы 2019 82
Ачы айылы
Ачы айылы

Баракелде -  Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Ачы айылынын бир бөлүгү Манас деп аталып калган. Себеби, 2004-жылы апрель айында аталган айыл өкмөткө караштуу Кара-Сөгөт айылынын жогору тарабында ири жер көчкү катталган. Анын кесепетинен 5 окуучу каза болгон. Маркум окуучулардын биринин ысымы Манас болчу. Бул тууралуу Ачы айылынын Манас конушунун башчысы Нурлан Калыев билдирди.

Анын айтымында, жер көчкүнүн алдында калып калган окуучулар Б.Алыкулов атындагы орто мектептин башталгыч классынын окуучулары болгон. Окуя болгон күнү алар адаттагыдай эле сабакка бара жатышкан.

«Убактысын так билбейм. Окуучулар Сары-Дөң деп аталган талаанын алдындагы жалгыз аяк жол менен мектепке барып келишчү. Ал жол тоонун боорунан өтөт. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, балдар жер көчкүдөн качканга үлгүрбөй калышыптыр. Алардын бири 1995-жылы туулган Манас аттуу бала болсо, анын бир тууган агасы Азамат да каза болгон. Анан Манас менен бирге окуган 3 кыз мерт кеткен. Аталган жер көчкүдөн кийин ӨКМ коопсуз аймакта жашаган 28 үй-бүлөнү Ачы айылынын бош аймактарына көчүрүп келген. Бир үй-бүлөдөн эки уул каза болгон үчүн биз жашаган аймакты Манас деп атоо сунушталган. Манаста эки көчө бар. Бири Азамат көчөсү, бир көчөгө Наристе деген аталыш ыйгарылган. Жер көчкүнүн алдында калган балдар мектепте окушса да, наристе болушчу. Азыр биздин конуш айыл макамын ала элек. Бирок аракет кылып жатабыз», - деди Н.Калыев.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком