18:22, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Россияда 18 жаштагы кыргызстандык жигит тирүүлөй күйүп кеткен

На русском
19:15, 12 жетинин айы 2019 162
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Баракелде -  Россияда дайынсыз жоголгон кыргызстандык жигиттин күйүп калган сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь айында Кыргызстандын Россиядагы элчилигине жана ИИМдин өкүлчүлүгүнө 1975-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран (аял киши) дайынсыз жоголгон уулун табууга жардам сурап кайрылган. Анын 18 жаштагы Ж.Д. аттуу уулу Тверь облусунун аймагында жүрүп, 2019-жылдын октябрь айынын башында туугандары менен байланышпай калган.

Кайрылган жарандын айтымында, анын баласы иштөө максатында Россияга 2019-жылдын август айында кеткен. Сентябрдын аягында ал Тверь облусундагы эс алуу базаларынын бирине кароолчу болуп орношкон.

Россиянын укук коргоо органдары дайынсыз жоголгон жаранды издөөнү уюштуруу тууралуу арыз жергиликтүү полиция бөлүмүндө катталганын билдиришкен. Андан сырткары Иваньков суу сактагыч аралдарынын биринде өрт чыгып, окуя болгон жерде белгисиз адамдын сөөгүнүн күйүп калган калдыктары табылган.

Аймактык укук коргоо органдары дайынсыз жоголгон адамды издөөгө багытталган ыкчам иликтөө иш-чараларды жүргүзүшкөн. Дайынсыз болуп жаткан жаран менен байланышы бар адамдар суралышкан. Алар аны өрт чыккан жерден көрүшкөнүн жана кайтып келбегенин билдиришкен.

Укук коргоо органдары өрт чыккан жерден табылган сөөктүн калдыктары кимге таандык экендигин аныктоо үчүн молекулярдык-генетикалык экспертиза дайындашкан. Салыштырма изилдөө үчүн кайрылган аялдан дагы үлгүлөр алынган. Маркумдун өздүгү такталып, экспертизанын жыйынтыгында жардам сурап кайрылган аял анын энеси болуп чыккан.

«Учурда денени мекенге жөнөтүү маселелери чечилүүдө», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком