14:42, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020
14:26, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202016 Ак-Сууда жолбун иттерди атуу иштери уланууда
Учурда окулуп жатат
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (81 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар
10:40, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (58 адам окуп жатат)
«Уурулар сабап, баспай калдым»: Ооруга моюн сунбаган жетекчинин баяны. Видео
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (40 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

Чоң жолдордо унаа ылдамдыгын саатына 110 чакырымга чейин жогорулатууга уруксат берилди

На русскомEnglish
10:49, Жетинин айынын он экиси, 2019 1113

Баракелде -  Кыргызстандын өкмөтү жол шарттары коопсуз кыймылды камсыздаган унаа жолдордо автоунааларга саатына 110 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө уруксат берди. Жол кыймылынын эрежелерине тиешелүү түзөтүү өкмөттүн 2019-жылдын 31-октябрындагы токтому менен киргизилди.

Мындай чечим эл аралык маанидеги унаа жолдордогу айрым тилкелерде ылдамдык режимин көбөйтүү менен өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Токтомдо кайсы тилкелерде жана унаа жолдордо саатына 110 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө уруксат берилгени көрсөтүлгөн эмес. Буга чейин айдоочулар унаа ылдамдыгын саатына 90 чакырымдан ашырбашы керек болчу.

Транспорт жана жолдор министрлигине, Ички иштер министрлигине өз чечимдерин токтомго шайкеш келтирүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком