17:12, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кочкорго тойго баратып мерт кеткен чыгармачыл жигиттердин акыркы видеосу

На русском
17:39, 11 жетинин айы 2019 239
Акжолтой с супругой в центре
Акжолтой с супругой в центре
// Фото из социальных сетей

Баракелде -  Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымында жол кырсыгы катталып, 4 адам мерт кетти. Алардын арасында маркум төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу жана анын келинчеги да болгон. Алар жакында эле баш кошушкан.

Социалдык түйүндөргө кырсыкка учураган унаадагы жаштардын Ысык-Көлгө бара жаткан учурундагы сүрөттөрү жана видеолору жарыяланган. Каза болгон жигиттер маданият тармагында иштешчү. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар Тоңдогу марафондон чыгып, тойго Кочкор районуна бара жатышкан.

Кочкор РИИБ берген маалыматка караганда, 10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү саат 00:45 чамасында Кочкор РИИБдин ЖКККБнын кызматкери нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу «Кочкор—Балыкчы автожолунда эки автоунаа сүзүшүп, жол кырсыгына учураптыр» деп билдирген. Окуя болгон жерге бөлүмдүн ыкчам тергөө тобу чыгып, буларды аныкташкан: 10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү саат 00:30 чамасында 1976-жылы туулган И.М. «Норд Бенц» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен Балыкчы шаарына бара жаткан. Ал Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымына келгенде карама-каршы келе жаткан «Субару Импреза» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен «Субару Импреза» унаасынын айдоочусу А.у.Ж., жүргүнчүлөр — Кочкор районунун Ормон-Хан айылынын 2000-жылы туулган тургуну Ж.у.К., 1993-жылы туулган К.А. жана 25-30 чамасындагы келин окуя болгон жерден каза болгон. Дагы бир жүргүнчү — Ош облусунун Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган тургуну А.Ы. денесинен оор жаракат алып, Кочкор райондук аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком