Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранды сабап кетишти
На русскомEnglish
14:44, 11 жетинин айы 2019
114
Баракелде - Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жаран мас абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда «Невские новости» басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарга шилтеме берүү менен жазды.
Басылманын маалыматы боюнча, ур-токмокко алынган бейтапты Тамбасов көчөсүндөгү батиринен алып кетишкен. Ал баңгизат колдонуп жүргөн.
«Аны белгисиз адамдар сабаганы болжолдонуп жатат. Жабырлануучунун бети көгөрүп, тытылган. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат. Учурда бейтап кайра жандандыруу бөлүмүндө, кошумча текшерүүлөр жүрүүдө», - деп жазды басылма.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком