18:11, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өзгөчө ысым: Көбү туура айта албаган атымды имам койгон, - Сокулуктун тургуну

17:52, 9 жетинин айы 2019 82

Баракелде -  «Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылынын 22 жаштагы тургуну Кыдыргыч кызы Сапия. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, анын ысымын имам койгон.

«Алай районунда төрөлгөм. Мен 5 жашка чыкканда ата-энем Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылына көчүп келген. Атымды Мурдаш айылынын Азиз аттуу имамы койгон. Мухаммед пайгамбардын Сафия деген жубайы болгон экен. Ошол аялдай сабырдуу болсун деген тилек менен атымды Сапия деп коюптур.

Атамдын атын Кыдыргыч деп менин атымды койгон имамдын атасы тандаган экен. Чоң энем балалуу боло албай жүргөндө ар кайсы жерди кыдырып, даба издептир. Чоң энем атамды төрөгөндө молдо балалуу болуу үчүн көп жерди кыдырган деп, Кыдыргыч деген ысымды коюптур», - дейт ал.

Анын айтымында, анын атын көп адамдар туура айта албайт.

«Атымды көбү Сафия же Салия дешет. Туура айткандар аз. Мен беш бир тууганмын. Эрмек, Жыпаргүл, Анара, мен жана Мердиана. Өзүмдүн Раяна жана Элифа аттуу эки кызым бар.

Кыздарымды ыймандуу, адамгерчиликтүү кылып тарбияласам дейм. Өзүмдүн ата-энем жашаган Жаңы-Пахта айылынын көчөлөрүн асфальттап берүүнү тилек кылам», - деди Сапия.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком