21:14, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте мас адам патрулчуларга кол салды

На русском
16:24, 9 жетинин айы 2019 86
Сотрудники патрульной службы милиции
Сотрудники патрульной службы милиции
// Пресс-служба ГУВД Бишкека

Баракелде -  Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бейбашчылык кылган адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

6-ноябрда болжол менен саат 21:30 чамасында Бишкек ШИИБдин санариптик командалык борборуна Көлмө конушундагы үйлөрдүн биринде үй-бүлөлүк чыр-чатак болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке патрулдук милициянын экипажы жөнөп кеткен.

Үстүнөн арыз түшкөн жергиликтүү тургун укук коргоо органдарынын кызматкерлерин көргөндө аларга каршылык көрсөткөн. Ал мас абалында кызматкердин жилетин айрып, төш белгисин жулуп алган. Патрулдук милиционерлер ага күч колдонуп, Биринчи май РИИБдин №5 шаардык милиция бөлүмүнө жеткиришкен.

Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (ээнбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 1983-жылы туулган Э.А. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком