21:15, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Олимпиадага тандоо: Кыргызстандык хоккейчилер арабиялыктарды жеңди

На русском
15:01, 9 жетинин айы 2019 109

Баракелде -  Люксембург жана Кытай өлкөлөрүндө кечээ, 8-ноябрда 2022-жылы боло турган Олимпиадалык оюндардын тандоо туру башталды.

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курамасы тарыхта алгачкы жолу Олимипиадалык оюндардын тандоо туруна катышып жатат. Кыргызстандык команда Босния жана Герцеговина, Люксембург жана Бириккен Араб Эмираттардын курамалары менен бирге А тобуна кошулду. Бул топтун оюндары Люксембургда өтөт.

8-ноябрдагы биринчи оюнда Кыргызстандын курамасы Бириккен Араб Эмираттарынын хоккейчилерине каршы ойноп, 9:4 эсепте жеңип алды. Ал эми бүгүн, 9-ноябрда кыргызстандык команда Люксембург курамасы менен ойнойт. Биринчи оюнда Люксембургдун хоккейчилери Босния жана Герцеговинанын командасын 10:1 эсепте жеңип алган.

8-ноябрь, биринчи тур

Кыргызстан – Бириккен Араб Эмираттары – 9:4

Люксембург – Босния жана Герцеговина – 10:1

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком