21:14, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Тажик-өзбек чек арасына кол салуу: Көз жумгандардын саны 5 эсеге өстү

На русскомEnglish
13:34, 9 жетинин айы 2019 947

Баракелде -  Тажик-өзбек чек арасындагы №4 «Ишкобод» чек ара заставасына кол салууга «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алды. «Ислам мамлекетинин» билдирүүсүндө ок атышуу учурунда Тажикстандын 10 чек арачысы көз жумганы айтылган. Бул тууралуу «Амак» басылмасы билдирди.

Ал эми буга чейин Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен 2 адам — Бахром Косимзод аттуу милиционер жана Изатулло Латифов аттуу чек арачы көз жумганын маалымдашкан. Бирок Тажикстандын «Азаттык» («Радио Озоди») басылмасынын маалыматтарына караганда, окуянын кесепетинен алтыдан кем эмес адам каза болгон.

Кечээ, 8-ноябрда Согдий облусунда жашаган чек арачы Наимжон Саидолимов кол салуунун алтынчы курмандыгы болгону белгилүү болду. Буга чейин айрым булактар каза болгон 3 адамдын ысымын аташкан. Алар: заставанын жетекчисинин орун басары Диловар Толибов, чек арачылар Хофиз Хасанов менен Ганижон Давлат болгон.

7-ноябрда Дүйшөмбү шаарында тажикстандык чек арачы Иззатулло Латифовду акыркы сапарга узатышты. Ошондой эле 6-ноябрда аймактык милиционер Бахром Косимзод акыркы сапарга узатылды.

---------------------------------------------

6-ноябрга караган түнү саат 3:23 чамасында белгисиз адамдар ок атуучу куралдар менен «Султанабад» чек ара аскер бөлүгүндөгү №4 «Ишкобод» чек ара заставасына кол салганын Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкен.

Кол салуу учурунда алар 5 даана ок атуучу куралды тартып алышкан. Күч түзүмдөрү жүргүзгөн операциянын жыйынтыгында куралдуу топтун 15 мүчөсү жок кылынып, бешөө кармалган. Айрым булактар согушкерлердин арасында чет өлкөлүк жарандар жана аялдар болгонун маалымдашкан.

Өлтүрүлгөн жана кармалган согушкерлердин өздүгү тууралуу маалымат жок. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө куралчан террордук топ 3-ноябрда атайын тапшырма менен Афганистанда жайгашкан Калъаи-Зол районундагы мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Тажикстандагы Кубодиён аймагына киришкени белгилүү болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком