21:15, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги өрт: «Антошканын» ижарачысы кармалды

На русскомEnglish
12:28, 9 жетинин айы 2019 223

Баракелде -  Бишкек шаарындагы «Антошка» тез тамактануучу жайынын ижарачысы кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 8-ноябрда Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматынын сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында «Антошканын» ижарачысы — 1963-жылы туулган К.А. аттуу жаран Жазык кодексинин 261-беренеси (өрт коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кармалган. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында тергөө улантылып жатат. Ошондой эле тиешелүү соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды.

Өрттөн жабыркагандардын ичинен 7 адам Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жатат. Алардын экөө жаш балдар экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-ноябрда билдирди.

«Жабыркаган адамдар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баары зарыл болгон дары-дармектер менен камсыз болду», - деп айтылат маалыматта.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жаткандар:

1. 2001-жылы туулган Ж. к. М;

2. 2007-жылы туулган Т. К;

3. 2004-жылы туулган У. у. С;

4. 2002-жылы туулган Д. И;

5. 1993-жылы туулган Б. Б;

6. 1989-жылы туулган А. Б;

Таксикология бөлүмүндө:

7. 1990-жылы туулган Б. к. А.

-----------------------------------

8-ноябрда Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан «Антошка» тез тамактануучу жайында өрт чыгып, ошол жерден бир адам каза болгон (тез тамактануучу жайда эмгектенген аял киши). Бул тууралуу Медициналык тез жардам көрсөтүү борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирген.

Болжолдуу маалымат боюнча, жалпы 15 адам жаракат алган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өрт тууралуу маалымат 8-ноябрда саат 13:40 чамасында берилген. Саат 14:08де чектөөгө алынып, 15:20да толук өчүрүлдү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком