21:13, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

7-апрель менен Горькийдин кесилишинде айланма кыймыл уюштурулбай калды

На русском
11:07, 9 жетинин айы 2019 121

Баракелде -  Бишкек шаарынын Горький менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги тилкеде айланма кыймыл уюштуруу планы ишке ашырылган жок. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 8-ноябрда шаардык кызматтар аталган тилкедеги жол чырактарды өчүрүшүп, айланма кыймыл уюштуруу иштерин жүргүзүшкөн. Бирок баш аламан тыгын пайда болгон.

«Ыңгайсыздык жаратканыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Биз жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү тандап алганбыз. Жолду кеңейтип, бул долбоорду улантабыз», - деп айтылат мэриянын социалдык түйүндөгү баракчасында.

Буга чейин мэрия айланма кыймыл шаардын жолдорундагы унаа кыймылы көп болгон тилкелерди бошотуу үчүн уюштурулат деп билдирген болчу. Пилоттук долбоордо Капиталдык курулуш башкармалыгынын адистери, «Бишкек асфальт сервис» ишканасынын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери иштеди.

Тыгын учурундагы видео (интернет баракчаларына тараган)

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком