21:15, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги өрт: 7 адам ооруканада дарыланып жатат

На русском
10:44, 9 жетинин айы 2019 161

Баракелде -  Бишкек шаарындагы «Антошка» тез тамактануучу жайынан чыккан өрттөн жабыркаган 7 адам Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жатат. Алардын ичинен экөө жаш балдар экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-ноябрда билдирди.

«Жабыркаган адамдар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баары зарыл болгон дары-дармектер менен камсыз болду», - деп айтылат маалыматта.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жаткандар:

1. 2001-жылы туулган Ж. к. М;

2. 2007-жылы туулган Т. К;

3. 2004-жылы туулган У. у. С;

4. 2002-жылы туулган Д. И;

5. 1993-жылы туулган Б. Б;

6. 1989-жылы туулган А. Б;

Таксикология бөлүмүндө:

7. 1990-жылы туулган Б. к. А.

-----------------------------------

Кечээ, 8-ноябрда Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан «Антошка» тез тамактануучу жайында өрт чыгып, ошол жерден бир адам каза болгон (тез тамактануучу жайда эмгектенген аял киши). Бул тууралуу Медициналык тез жардам көрсөтүү борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирген.

Болжолдуу маалымат боюнча, 15 адам жаракат алган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өрт тууралуу маалымат 8-ноябрда саат 13:40 чамасында берилген. Саат 14:08де чектөөгө алынып, 15:20да толук өчүрүлдү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком