21:15, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кочкордо тарыхый инсандарды жана репрессияда каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү

14:52, 8 жетинин айы 2019 31

Баракелде -  Кочкор районунда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата тарыхый инсандарды жана репрессияда каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабары билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын катышуучулары эстеликке келип, куран окутушту. Кочкор районунда 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшкө Канат хан Ыбыке уулу, Тезекбай Түлкү уулу, Акмолдо Карасай уулу, Сагын Ниязбек уулу, Жапай Көкташ уулу сыяктуу болуш-бийлер жетекчилик кылышкан. Көтөрүлгөндөр жеңилүүгө учураганда Канат хан Ыбыке уулу колго түшүрүлүп, падышалык бийлик тарабынан дарга асылган. Эл Кытайга качып, ал жактан 1917-жылы кайтып келген. 1918-жылы Жапай Көкташ уулу, Тезекбай Түлкү уулу камакка алынып, Шор-Дөбөдө атылган. Сагын Ниязбек уулу 1918-жылы оорудан каза болгон.

Улуу Октябрь революциясынан кийин совет өкмөтүн чыңдоого, кыргыз мамлекеттин түзүүгө катышкан Баялы Исакеев, Ишенаалы Арабаев, Абдылда Айилчинов, Ибрай Коноев, Сейдекерим Ибрагимов сыяктуу инсандар сталиндик репрессиянын курмандыктары болушкан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком