21:14, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекке Норвегиядан делегация келди

19:12, 6 жетинин айы 2019 86

Баракелде -  Бүгүн, 6-ноябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Норвегиянын мамлекеттик министри — тышкы иштер министринин орун басары Аудун Хальворсен баштаган Норвегия Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин делегациясын кабыл алды.

Делегация БУУнун Башкы ассамблеясында тышкы иштер министрлеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасы менен Норвегиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биринчи консультацияларга катышуу үчүн Бишкек шаарына келди.

«Тараптар 2020-жылы жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарды даярдоо маселелерин талкуулашты. Министр Ч.Айдарбеков Улуттук статистикалык комитетинин ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөткөнү үчүн Норвегия тарапка ыраазычылык билдирди. Ал уран калдык сактагычтарын реабилитациялоо боюнча эки өлкөнүн узак мөөнөттүү жана ийгиликтүү кызматташтыгын жогору баалады.

Саясий кызматташтыкты, курчап турган чөйрөнү жана экологияны коргоо, билим берүү чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты активдештирүү, эл аралык уюмдардын алкагында жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ийгиликтүү кызматташууну улантуу, приоритеттүү багыттар боюнча кызматташууну күчөтүү зарылчылыгына көңүл бурду», - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком