03:05, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кадамжайда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган ыр кесе өттү

19:00, 6 жетинин айы 2019 44

Баракелде -  Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында 6-ноябрда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган ыр кесе уюштурулду. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Гайбулаев баштаган жетекчилер, райондун аймагындагы 83 мектептин кыргыз тилчи мугалимдери катышты. Ыр кесе Тамаша айылындагы Акжол Камбаров атындагы, Чандеки айылындагы Калмурат Жаныбеков атындагы орто мектептин мугалимдери тарабынан уюштурулган. Анда «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, кыргыз тилин даңазалаган ырлар жаңырды. Ошондой эле улуттук кийимдер, тамак-аштын 45 түрү көргөзмөгө коюлду.

Мындай иш-чара эми Айдаркен шаарында өткөрүлмөй болду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком