21:13, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жумгалда байге фонду 300 миң сомду түзгөн ат оюндары өтөт

16:40, 6 жетинин айы 2019 32
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Жумгал районунда 7-ноябрда түшүм майрамы белгиленет. Бул тууралуу аким Адыл Сапаров билдирди.

Анын айтымында, алгач райондон чыккан белгилүү инсандардын эстелиги турган аймакта ата-бабаларга багышталып куран окулат. Андан соң Жаман-Талаа ат майданында түшүм майрамы белгиленет. Иш-чара ат оюндары менен коштолуп, анда аламан, кунан чабыш, жорго салыш, көк бөрү жана салбурун боюнча оюндар өткөрүлөт. Жалпы байге фонду 300 миң сом.

7-ноябрь – Улуу Октябрь революциясынын күнү. СССРдин курамындагы мамлекеттердин ичинде Кыргызстан менен Беларусь Республикасында гана расмий майрам катары белгиленип келет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком